super.kg logo

ЖАЛНААМА, 30-МАЙ: 94 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов жарыкка келген

 
Генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов тирүү болгондо 94 жашка толмок. Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында туулган Д.Асанов эмгек жолун колхоздо эсепчи, жети жылдык мектепте мугалим болуу менен баштаган. 1941-жылдын ноябрынан баштап Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1942-жылдын январь айынан тартып Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Степной, 2-украиналык фронттордо замбиректин наводчиги жана командири катары немистик фашисттер менен салгылашкан.
1943-жылдын март айында замбиреги менен өз багытындагы душмандын танк менен койгон чабуулунун мизин кайтарып, ушул эрдиги үчүн "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам алган. Согуштан кийин Ульяновск шаарынан Биринчи гвардиялык танк окуу жайын, Согуштук-саясий академиясын бүтүргөн. Танк взводунун, танк ротасынын командири, полктун командиринин саясий жактан орун басары, КРнын Аскер комиссариатында пропагандист, Токмок шаардык жана Чүй райондук бириккен жана Фрунзе шаарынын Ленин райондук аскер комиссары, Аскердик жатак-мектептин директору болуп иштеген. 2001-жылдын январынан тарта Бишкек шаардык согуш ардагерлеринин төрагасы болгон. Ленин, Согуштук 5, Ардак белгиси, III даражадагы Манас ордендери жана көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда каза болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: