Дүйнөнүн эң аз жана эң көп иштеген шаарлары аныкталды
UBS швейцариялык банкы дүйнөнүн ири шаарларындагы жумушчуларынын жумадагы иш сааттарын санап чыкты.
"The Telegraph" басылмасынын маалыматы боюнча, баарынан париждиктер аз иштешет. Алардын орточо иш жумасы 30 саатты түзөт. Ал эми иш жумасы эң көп деп Гонконг шаары табылды. Бул шаардын тургундары орточо эсеп менен жумасына 50 сааттан иштешет.
Окумуштуулардын болжолдоолоруна таянсак, 2045-жылы Жердин жашоочуларынын жарымы жумуштарынан кол жуушу мүмкүн. Себеби ал убакта роботтор адамдын иш функцияларын толугу менен аткарып калышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Роботтор адамдардын жарым жумушун албайт,алган убакка коп бар али.