super.kg logo

Нарында турак жайларга жакын жерде 5 тоннадан ашык көмүр сакталып, жарандардын ден соолугуна кооптонуу жаратууда

 

Нарын облусунун Нарын шаарына караштуу Жылуулук берүүчү ишкана көмүр кенин калк жыш жайгашкан жерге төгүп, жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында борбордук көчөгө жакын жерде, жатакана жана бала бакчанын жанында 5,5 тонна көмүр сакталып турат. Катуу шамал болгондо же аба ырайы кескин өзгөргөндө көмүргө жакын жайгашкан турак жайларга учуп, жарандардын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизерин аталган инспекция эскертет.

"Мынча көлөмдөгү көмүр кени ачык жерде, турак үйлөргө жакын сакталбашы керек, өздөрүнүн көмүр сактоочу жайы бар, ошол жерде сакталышы керек. Бул жерде турганы санитардык жана экологиялык нормаларга такыр туура келбейт. Нарын жылуулук ишканасына эскертүүлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү. Мамэкотехинспекциянын адистери жарандардын ден соолугун жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында көмүрдү тез арада чыгаруу талабын койду", -деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
30.05.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5 тоннабы 50 тоннабы же 500 тоннабы)))???
31.05.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talant0906,ошону айтам да. 5 тонна бир үйдүн бурчунда эле калат го.
30.05.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа аны элдерге таратып жибериш керек, ошондо точно коркунуч болбойт
31.05.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын эле 5 тоннабы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: