super.kg logo

Кадамжай районундагы сел болжол менен 74 миллион 741 миң сомдой зыян алып келди

 

Кадамжай районунда 27-28-май күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кадамжай шаардык мэриясынын Жийделик айылында, Орозбеков, Көтөрмө, Масалиев, Үч-Коргон, Марказ айыл аймактарында сел жүргөн. Селдин кесепетинен көптөгөн зыяндар болду.

Райондук комиссия жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында 238 турак үй иликтенип, анын ичинен 4 турак үй авариялык абалда, 7 турак үй кооптуу жайдан көчүрүүгө муктаж экени аныкталды. Келтирилген материалдык чыгым болжол менен – 9 281 620 сом.

Селден ички жолдор, көпүрөлөр, арыктар, таза суу жана газ менен камсыз кылуучу темир түтүктөр жараксыз абалга келип, 21 унааны сел баскан. Болжол менен чыгым 53 706 000 сомду түзөт.
Ал эми энергетика тармагында 42 электр мамысы селден кулап, 2260 метр электр чубалгылары үзгүлтүккө учурап, 4480 үй электр жарыксыз калган. Болжолдуу материалдык чыгым 2 853 465 сомго барабар.

Селдин кесепетинен каналдардын айрым жерлери кум-шагылга толуп, сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Болжол менен келтирилген материалдык чыгым – 800 000 сом.

Ош-Айдаркен автоунаа жолунун 125-132-чакырымындагы унаа жолунун оң тарабындагы тоо тилкелеринен 15 жерден сел жүрүп, жалпы 2460 метр аралыкка болжол менен 48 797 метр кубга барабар кум-шагыл толуп, жол каттамы убактылуу токтогон. Транспорт тармагына болжол менен 8 100 000 сомдук зыян келтирилди.

Район боюнча келтирилген материалдык чыгым болжол менен 74 741 085 сомду түздү. Райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлүүдө, материалдык чыгым өзгөрүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.05.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Багы жокко дагы жок болду го аттин...
30.05.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кадамжайда сель журуп жатканда Чуй обустунун тузулушунун 90 жылдык марекеси юбилейи болуп жаты.Ошого окшогон 90-100жылдык юбилейлерге он милиондогон сом акчалар сарпталат.Ал тойлордо кимдер жыргашат чиновниктер мамлекеттин эсебинен беш-бармак плов жэишип курсактары чыгып жада калса зонтиктерди дагын жардамчыларына которгузуп коюшат.Мен айтарым юбилейлерге кете турган акчаларга табияттын кырсыктарын кесепетерин кайра куруга сарпташса болот
KGstan1981 түзөттү 2016-05-30 15:07:43
30.05.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGstan1981, туура айтасын каяктагы эле майрамдар
30.05.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША Чуйдун жабагысы болгон менен Баткендин кулунуу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: