super.kg logo

Жарандык активисттер "нике жашы жөнүндө мыйзам талаптарын бузган жарандарды жоопко тартуу" демилгесин колдобой койгон депутаттарга нааразы

 

Жогорку Кеңештин 61 депутаты нике жашы жөнүндө мыйзам талаптарын бузган жарандарды жоопко тартуу демилгесин колдобой, мыйзам долбоору өтпөй калды. Мындай чечим менен бийлик жаш курагы 18 толо элек кыздардын көйгөйүнө кайдыгер экенин көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда "Демократиялык процесстери изилдөө борбору” жарандык коомунун төрагасы Лариса Илибезова маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы 60 миңге жакын жаш курагы 18 толо элек кыздар турмуш курушкан. Аларды расмий түрдө каттабастан, дин жолу менен гана мажбурлап күйөөгө беришкен. Жаш курактагы кыздардын турмушу болбой калса, аларды коргогон эч ким жок экенин жарандык активисттер билдиришти.

"Бул бир гана кыздардын ден соолугуна же алардын жеке тагдырына эле тиешелүү нерсе эмес, баарыбызды ойлондурчу көйгөй. Эрте турмушка чыккан кыздын билими, маданияты мамлекеттин экономикасына да таасирин тийгизет. Алардын турмушта жолу болбой калса, балдарына алына турган жөлөк пулдардан тартып мамлекетке артыла турган жүк болот. Демек, экономикалык алкактан алганда дагы бул маселе терең талдоолорду талап кылат. Биз аталган демилгени кайрадан карап чыгууну талап кылабыз", - деди Л.Илибезова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.05.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бааржокто эле талкуу жабык дейтго.
30.05.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура кайра карап коруш керек болбосо жаш кыздар эле эмес кууйоосунон ажыраган келиндер да жабыр тартууда ,куйоосу жаш кызга нике кыйып журо берет же алимент албай же ишке орношо албай.негизиле уй буулоону сактоого мамлекет тарабынан мыйзам иштелип чыкса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: