Бир ай ичинде өлкө боюнча 5613 тонна таштанды чыгарылды
25-мартка карата республика боюнча жашылдандыруу жана тазалоо иштерине 3 миң мекемеден 144 миң киши катышканы белгилүү болду. Март айынын башынан бери өткөрүлүп жаткан ишембиликтерде 315 миң 941 даана көчөт отургузулуп, 25 миң 115 метр ички жолдор оңдоодон өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бир ай ичинде жалпы 5613 тонна таштанды чыгарылып, 1377 чакырым арык тазаланды жана 139 чакырым узундуктагы унаа жолуна көчө жарыктары орнотулду. Ал эми бул иштерди аткарууга болжол менен 15 миллион сом сарпталган. Өлкөнү жашылдандыруу жана тазалоо иштери май айынын аягына чейин уланмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

