super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кыргыз бийи" патриоттук сезимди козгогон элдик чыгармага айланып кетти" дейт Султан Садыралиев

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө эң көп көрүлгөн, кызуу талкууга алынган, патриоттук сезимди козгогон клип - ырчы Султан Садыралиевдин "Кыргыз бийи" чыгармасы. Ырдын сөзү белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго, обону Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязовго таандык. Клиптин режиссёру - Сүйүн Откеев. Өлкөбүздүн жети дубанында 2 айда тартылган клип жарыкка чыгары менен популярдуу болгон. Султан Садыралиев клиптин жараткан ийгилиги, тартуу учурундагы кыйынчылыктар тууралуу буларга токтолду:

"Бул клиптин жараткан ийгилиги баарына белгилүү деп ойлойм, анткени бул чыгарма патриоттук сезимди козгогон элдик ыр, элдик бийге айланып кетти. Бала бакчадан баштап тойлорго чейин
ырдап-бийлеп жүрүшөт. Бала бакчадагы өзүмдүн балам да ушул ырга көп бийлейт. Өлкөбүздүн жети облусунда тартылгандыктан, албетте, кыйынчылыктар да болду. Күн ысык болуп, аябай жүдөттү. Клипке катышкан бардык катышуучуларды уюштуруу тобу көзөмөлдөп жатты. Мен ырда деген жерде ырдап, бийле деген жерде кошулуп бийлеп турдум".

Белгилей кетсек, ырдын сөзүн жазган акын Кыялбек Урманбетов: “Клипке көп эмгек, каражат кетип, мыкты эмгек жаралыптыр. Эгер ушундай колдоо болуп турса, кыргыздын ырчы, бийчилери дүйнөнү эчак дүңгүрөтмөк. Мага клипте бээни саап баштаганы аябай жакты. Ошондо чыйк-чыйк деп сүттүн чакага түшүп жатканында кыргыз бийинин кайрыгы бар экен. Балким, кыргыз бийинин элементтери ошондон чыкса керек”, - деп маектеринин биринде билдирген эле.

Султан Садыралиевдин "Кыргыз бийи" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.05.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында кайталангыс ыр.. клипда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: