super.kg logo

Бишкекте оорулууга барган "Тез жардам" кызматынын дарыгерин урушуп, бетке чабышты

 

Бишкекте оорулууга барган "Тез жардам" кызматынын дарыгерин урушуп, бетке чабышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 29-майда Көлбаев көчөсүндө жайгашкан 45-үйдө жашаган 77 жаштагы бейтапка жардам сурап "Тез жардам" кызматына кайрылуу түшкөн. Врач-кардиолог оорулуунун абалы менен таанышып, сурамжылоо жүргүзгөн. Бирок анын туугандары оорулууну ооруканага алып кетүүнү талап кылышкан. Оорулуунун диагнозун аныктап, жардам бергени барган врачтын берген суроолоруна туура жооп берүүнүн ордуна алар дарыгер менен урушуп, чатак салышып, ал тургай беттен ары бир чабышкан. "Тез жардам" кызматынын бригадасы бейтаптын абалынын оордугуна байланыштуу милицияга кайрылганга да убактысы жок болгон.

Белгилей кетсек, жардам сурап кайрылган оорулуу Миррахимов атындагы Кардиологиялык борбордун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(18)
31.05.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошо да. Абалы оор болуп жатса, анан ар кыл суроолорду бергендир да. Абалы начар экенин көрдүбү, алып бар ооруканага, биринчи жардамын көрсөтүп, абалды жеңилдет, анан сурай бер каалашыңча. Москвада абалыңды көрүп, укол дарысын бергенче эле сурап, анан абалың жакшы болсо калган суроолорун берет го.
31.05.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул тез жардамдагылар куйгузушту го.
31.05.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул тез жардамды акырын жардам деп которуп койбойлубу кандай дейсынер
31.05.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
соккудай ким экен
31.05.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура кылат!Тез жардам кеч жардам болуп барган да...
yrchy_jigit түзөттү 2016-05-31 11:56:41
31.05.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Урганга акысы жок,ким экен алар? Мисалы:кан кетип атса,уу де уксус ичип жана ушу сыяктуу коркунучтуу абал болсо анда сурабай,тез жардамын кылат а бул жерде сураш керек,журоктун инфартктынан башка стенокардия деген бар?
31.05.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кээ бири урчудай эле мамиле кылат тимеле чоюлушуп,ызылдап озунду коерго место тапппай атсан кагазын толтуруп отура берет бирдемелерди жазып,бир эки жолу башыман отту го. Атам байкуш кырылдап оозунан кобук чыгып атса балдары биз башын которуп оозуна кашык тиштетип атсак отурат врач кагазын толтуруп. Анан эжем кыйкырып ыйлап ошол жерде,жаман болгонбуз тоготуп койгон жок.
31.05.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тез жардам мышык ыйлагыдай бизде.жакшы маркум болуп кетпептир анда жаака чапмак турсун токмокмоктоп салмак.
31.05.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада сен экобузду тез жардам карабайт деле.Мен 12жыл жашап коро элекмин.Канча жолу кв чакырды келет дагы менттерге окшоп документини карап бизге караштуу эмес экенсинер регстрациядагы районго бар деп койот болду.
01.06.2016. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Adyl84kg,менин көңүлүм, башым айланып, скорая чакырганыбызда келген, аябай бат келген. Келип эле эмне болду деп, кан басымды өлчөп, дары берип, укол берип, анан суроолорун берген. Кааласаң алып кетели, кааласаң эртең плликлиникага бар дешкен. Бир тыйын да сурабаган.
31.05.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оздорунун мамилесине жараша мамиле кылган да!
31.05.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейм Россияда андай эмесго менин синдим грип болуп каттуу ооруп калды эле дары ичирсек да болбой скори чакырганбыз келип сразу синдими коруп дарыларды жазып баарын карап кайра бизди урушкан ушундай ооруп калгыча эмне кылдынар деп эгер жакшы болбосо бальнисага алып баргыла деген андай документ сурап башка нерсе кылганда эжем ооруганда да чакырган экен коруп кетиптир и бесплатный дагы
31.05.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой документ сураганда эмес
31.05.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
андай кыйын болсо тез жардам чакырбай озу дарылабайбы.могдуроп иши тушсо милицияга ооруса догдурга чуркайбыз анан ошолорду сыйлабай койобуз.ошолорду биринчи сыйлаш керек
31.05.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба ошол Тез жардам келбей койсо эмне кылышмак экен ээ? Тез жардам бригадасы биринчи оорулудан сурайт да ,анан текшерип диогноз коюп тиешелүү бөлүмгө алып барат . ( Келип эле сразу алып кетпейт да алар да.Базардан бир буюм алсаң деле сурайсың го жол жобосун)Чакырган адамдар туура эмес кылышыптыр.( менин жеке оюм)
01.06.2016. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздарга эч нерсе жакпайт ментер деле врачтар ырчылар качан корбо жаман жагын айтабыз.Ал эми озубуздун иш тушкондо биринчи озубуз беребиз параны милицияга,оорусак ошол врачка кайрылабыз,той кылсак ошол ырчыны чакырабыз.
01.06.2016. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врач деген биринчи кезекте тили ширин болуп, жумшак мамиле кылып, оорулуунун, анан анын жакындарынын көңүлүн тынчтандырыш керек. Оорулуунун абалы оор экенин келип эле көргөндүр(нормальный врач болсо көрөт). Жандандыруу бөлүмүндө жатат экен го. Биринчи жардамын берип туруп, анан сураса деле жетишет даа.
01.06.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Скорыйга чейин кыйналды да аябай, абалын коруп туруп эле тушунуш керек врач деген,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: