Нарын шаарында Балдарды коргоо күнүнө арналган атайын иш-чара уюштурулат

1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата эртең Нарын шаардык мэриясы чоң программадагы иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Нарын шаардык мэриясынан кабарлады.
Майрамдык иш-чара Нарын шаарынын “Алма-Бак” сейил багында саат 10:00дө башталат. Кичинекей бөбөктөргө таланттуу балдардын концерти тартууланып, жомок, мультфильм көрсөтүлүп, асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтөт. Ошондой эле майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө майрам ээлерине мэрия жана башка демөөрчүлөр тарабынан бекер балмуздактар таратылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
2

Муңаюуну билбеген.
Ачык көңүл балдарбыз,
Жөн турганды сүйбөгөн.
Кандай жумуш болсо да,
Баштайбыз ыр-бий менен... деп ырдачу элек. Бул ырды азыркылар билет болду бекен...