super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Адамдан канчалык алыс болсоң, көңүлүң да ошончолук алыс болот экен"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөсү чет мамлекетте жүргөндөр..." деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Турмуш кургандан бери эле менде ушул акыбал. Алгач үй салалы деп жүрсө, эми бала-чака багам деп жүрөт. Башында кайын журтум менен чогуу турганда кыйналчумун. Баары бир орду билинип жаман болчумун. Азыр өзүнчө жашаганга балдарымды караан кылып жашап жатам. Бири мектепке, бири бакчага кетет. Үйдүн түйшүгүнө алаксып, атабызды күтүп күн өтүүдө".

"20 күн экөөбүз эки жакта жүргөнбүз. Сагынып, көргүм келип, акыркы 5 күн кантип жашаганымды деле билбейм".
"Арабыз алыстабай эле, тескерисинче, аны карап, тойбой 2 күн тигилип отуруп анан өзүмө келгем. Жолдошум да "сен жок эч окшободу, сени менен бирге жүргөн жерлерге барып кайра кыйналдым" деп келген".
"Адамдан канчалык алыс болсоң, көңүлүң да ошончолук алыс болот экен".
"Мен адашып жатамбы билбейм, менин көңүлүм калып бара жаткандай. "Көздөн алыс - көңүлдөн алыс" деп койчу беле? Корком, бир күнү сизден кетип калбасам эле болду".
"Кошулам, канчалык алыс болсоң, ошончолук алыстайсың. Өзүң жашаганга көнүп калып, ал келгенде чоочун адам менен жатып тургандай болосуң. Мен жылдап алыста жүрөт элем. Кадимкидей алыстай түшкөнүмдү сезчүмүн. Эң жакшысы, ач калсаң да, ток болсоң да, турмуштун ысык-суугун бирге сезсең ошол эң туура болот, бирок ошого жараша чыдамкай болуш керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
31.05.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Йооо сразу чыкты го))
31.05.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсо да кудайга шугур кылалы туугандар жашообуз жаман эмес озубуз аракет кылсак турмушубуз женилдечудой. Мурда Россия деген жок болчу эч ким эч жака барып иштечу эмесбардык уй було чогу жашачу бирок билесинерби 94-95жылдаркыдай ачарчылыктан кудай сактасын жегенге уйдо ун калбачу го. Азырчы "добро пожаловать в Россию"
31.05.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Муськамды сагынып араааан журом.....
31.05.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алыста жургон аябай жаман,телефондон эле урушуп кетчубуз,конулун да сууйт
31.05.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз баш кошуп бир жарым айдан кийин куйом карындашы ооруп айылга кетти мени алып барбады айылга той бере элекпиз деп бир ай кунумда тунумда коз жаш мн откон айгында чыдабай артынан барганы жатсам келип калды ошондон бери Аллага шугур чогубуз
31.05.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр мен да ушундай кундорду башыман откоруп жаткан учурум. Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет экен. Мен эч качан таштабайм деп ойлочумун.
03.06.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы азыр ушул алыстыктын айынан жигитим менен урушуп атабыз,эн жаман экен телефондон урушкан! 4 жыл суйлошуп журуп анан бир аз алыстыкты которо албай ажырап отурабыз! ушул кундорум эртерээк отуп кетсе экен,ал дагы мендей болуп ыйлап сыздап атты болду бекен...эч ажырабайбыз деп соз беришкенбиз, буйрубайт окшойт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: