super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Менин жашоом идеалдуу"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз идеалдуу жашоонун кандай болушун каалайсыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жанымда бир сонун, түшүнүктүү, көздөрү күлүп турган, жылдыздуу, акылдуу жигит болсо. Экөөбүз балдарыбызды тарбияласак, ата-энем дайыма колдоо көрсөтүп турса, мен сүйүктүү кесибим менен иштесем, ден соолугубуз чың, аман-эсен болсок... Мен үчүн идеалдуу жашоо ушундай болот экен".

"Азыркы башым болгондо аял кишиге ылайыктуу кесипке окумакмын. "Азыр деле кеч эмес" деп убакытка шылтап өзүмдү алдап коюп жүрөм".

"Менин жашоом идеалдуу, Кудайга шүгүр, өзүм каалаган нерсемдин баары бар. Мисалы: ден соолук, мал чарба, дыйканчылык, айланамда досторум, бир туугандарым... Бишкек шаарынан келе жатып бир өтө бай адамга туш келип калганмын. Оштун Маданият деген жерине келгенде талаада жумуш кылып жаткан адамдарды көрүп, мени карап "Буларды карасаң, кандай гана бактылуу адамдар! Эч нерсе оюнда жок, тынч жашоо сүрүп жатышат. Менин да жашоом ушундай болсо..." дегени эсиме түшүп кетти".

"Идеалдуу жашоо болбойт, идеалдуу учурлар гана болуп турат".

"Идеалдуу жашоо - тынчтыкта жашоо. Эң оболу тынчтык болсун, калганы берилген ырыскыңа жараша келе берет. Канчалаган адамдар жакындарын жоготуп, согуш деген балээнин артында жашап жүрүшөт. Алар кабат-кабат үйлөрдө, катар-катар машиналарды айдап жүрсөм дешпейт, алар үңкүрдө жашасам да тынчтыкта өмүр сүрөлү деп кыялданышат. Ошондуктан баарынан мурда тынчтык болсун, тынчтык калган баалуулуктарга караганда идеалдуураак деп ойлойм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
31.05.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты создор.
31.05.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрам дейбиз жалкоолукту суйгондо,
майрам бир жол ысырапка киргенге.
Тилдер эмес колдор иштеп турса экен,
Тируулуктун озу майрам билгенге.
Аллахыма бул дуйнодо ушундай жакшы жашоодо жашап жатканыма мин мертебе шугур, менин жашоо идеалдуу)))
31.05.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеалдуу эчнерсе жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: