super.kg logo

Бишкек. Маданият күндөрүнүн алкагында Кувейттин улуттук кийимдери, кемелер, колго жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 31-майда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кувейт мамлекетинин кыргыз өлкөсүндөгү Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы өтүп жатат. Иш-чаранын ачылыш аземине аталган өлкөдөн келген расмий делегациянын өкүлдөрү, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, атайын чакырылган коноктор, шаар тургундары жана башкалар катышты.

Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов ачылыш аземде сөз сүйлөдү.

"Кувейт эли менен кыргыз элинин окшоштугу - эки элдин тең көчмөн эл болгондугунда. Андыктан маданиятыбызда да кээ бир окшоштуктар болушу мүмкүн. Ушул жылдын февраль айында Кувейтте кыргыз өлкөсүнүн Маданият күндөрү өткөрүлгөн. Эми минтип Кувейт мамлекетинин Маданият күндөрү өтүп жатат. Андыктан бул нерсе Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы байланышты бекемдейт, достук мамилени чыңдайт", - деп билдирди элчи.

Көргөзмөдө Кувейт өлкөсүнүн маданиятын чагылдырган улуттук кийимдер, кемелер, колго жасалган буюмдар жана башкалар коюлган.

Белгилей кетсек, маданий иш-чара 31-майдан 3-июнга чейин уланат.






Бишкекте Кувейт маданият күндөрү өтүп жатат

Бишкекте Кувейт маданият күндөрү өтүп жатат 2

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.05.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токулган таарлары, куржун, ийиги биздикине окшош экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: