Кыргызстан менен Тажикстандын депутаттары чек арада жолугушуу өткөрөт
Төрага Асылбек Жээнбеков 2-апрель күнү Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовду кабыл алды. Баарлашуунун жүрүшүндө төрага жаңы дайындалган элчиге ийгиликтерди каалоо менен, эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген кыргыз-тажик кызматташтык мамилелеринин жогорку деңгээлине оң баасын берди. Белгиленгендей, 2013-жылы өки өлкөнүн парламент төрагалары баш болгон депутаттык топтору кыргы-тажик чек ара аймактарынын биринде болору күтүлүүдө. Тараптар бул жолугушуу эки тараптуу мамилелерди бекемдеп, өнүктүрүүгө, чек ара кызматташтыгына жаңы дем берет деген пикирге келишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

