КИНОЗАЛ: "Көрүүчү тасманын идеясын түшүнбөсө, анда тартуучу топтун начар иштегени" дейт "Жылмаюу" тасмасы тууралуу актёр Нишанбай Топчубаев




"Кинозал" бөлүмү "Жылмаюу" аталышындагы дагы бир жаңы кыска метраждуу тасма менен толукталды. Тасма 2015-жылы тартылган, режиссёру - Абдулалим Мамадалиев. Анда Нишанбай Топчубаев, Актан Раимканов, Алтынбек Казакбаев, Чыныбек Шарапов, Азамат Самарбек уулу, Эрнис Адылбеков өңдүү өнөр ээлери роль жаратышкан.
Тасмада башкы каармандын образын жараткан актёр Нишанбай Топчубаев тасма тууралуу буларга токтолду:
"Мен анда кичинекей балага колдоо көрсөткөн, кеңеш айтып, жакшы жашоого мүмкүнчүлүк берген адамдын образын жараттым. Негизи, роль тандабайм. Мага берилген образды жеткиликтүү ойноого аракет кылам. Эгерде көрүүчү тасманын идеясын түшүнбөсө, анда тартуучу топтун начар иштегени болот. Бул тасмада "Шедевр чыгармалар чанда жаралат. Канча убакыт өтпөсүн, мындай чыгармалар баары бир маанисин жоготпойт жана согуш, ачарчылык, маданиятты талкалаган терс иш-аракеттер жүргүзүлбөсүн, жаман адамдардын арасында да баары бир жакшы адамдар болот" деген ой айтылат. Албетте, эл - тараза, эл - сынчы, тасма кандай болгонун эл баалайт".
Тасма Рэй Брэдберинин "Жылмаюу" аттуу чыгармасынын негизинде тартылган.
"Жылмаюу" тасмасын бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aksoola

01.06.2016. 08:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей бала Насрет Дубашевге окшош экен))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.