Баткен. Кызыл-Кыяда шаар мэринин Кубогу үчүн волейбол мелдеши өттү
2-апрель күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында аталган шаардын мэринин Кубогу үчүн волейбол мелдеши болуп өттү. Анда шаардагы орто мектептердин окуучуларынан түзүлгөн 10 команда күч сынашты. Эркектер арасында 1-орун үчүн Себат лицейи менен №6-орто мектеп таймашып, №6-мектеп жеңүүчү болду. Кыздар арасындагы таймашта шаардагы №9-мектептин командасы 1-орунду илип кетти. Оюндардын жүрүшүнө шаар мэри Абиш Калмырзаев жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асилбек Маткалыков катышып, жеңүүчүлөр медаль, ардак грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
-
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

