Энергетикага тиешелүү бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизилүүдө
Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында энергетика тармагына тиешелүү бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анда депутат Кожобек Рыспаев баяндама жасап, Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов менен бирге депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Өзгөртүү киргизилип жаткан “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” мыйзам долбоорунда энергетика жаатындагы ыйгарым укуктардын конкреттүү бөлүштүрүлүшү каралган. Талкуудан соң мыйзам долбоорлору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

