Жогорку Кеңештин жыйыны Кадамжайда селден улам каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды
Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйыны Баткен облусунун Кадамжай районунда селдин кесепетинен каза болгондорду 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды. Депутат Дастан Жумабеков парламент депутаттарынын бир күндүк маяналарын селден улам каза болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга которуп берүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, 27-май күнү Кадамжай районунун Жийделик аймагында тынбай жамгыр жаап, катуу сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, 1 машина сайга кулап кеткен. Анын ичиндеги 4 чоң киши жана 2 жаштагы бала каза болгон. Дагы бир 6 жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүрүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















