super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мүчөл жашыңда турмушка чыксаң бактылуу болосуң"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мүчөл жыл жөнүндө сүйлөшөлү" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Туулган күнүндө "жамандык ушуну менен чыгып кетсин" деп идиш (чыны, тарелка) сындырышат. Кызыл кийим кийип, ырымдап коюш керек, болбосо мүчөл жылы болуп жаткан адамга бир аз кыйынчылыктарды алып келет дешет. Мисалы, мен өткөн жылы турмуштун тоскоолдуктарына кабылдым десем болот, ал жыл мүчөл жылым болчу. Ошондо чыны сындырып койбой деп азыр өкүнүп калам. Ошондуктан канча жылда бир келген мүчөл жылыңызга жакшы эле көңүл буруп койсоңуз ашыкча болбос".

"Кызыл кийим кийиш керек деп айтылат. Кийин ошол кызыл кийимди жакшы көргөн бир жакыныңа берип коюш керек деп уккам".

"Менин да мүчөл жылым болгондуктан, андай-мындай кептерди кулагым чалып, ырымын кылып кызыл кийим кийип койдум. Сак болуш керек, мен ушуну бардык мүчөл жылын өткөрүп жаткан инсандарга айткым келет".

"Чындыгында эле кооптуу жыл болот. Акырын жүрүш керек, урунуп-берине бербей. Бул менин башымдан өткөн. Кыргыз эли ислам дининен мурда жаралгандыктан, кыргызчылык кылып койгон деле оң".

"Менин мүчөл жылым өттү. Кызыл, сыя көк кийим кий деп айтып жатышты. Бирок мен бир кулагымдан киргизип, экинчи кулагымдан чыгарып, укмаксанга салып койдум. Кудайга шүгүр, кызыл кийбесем деле тынч эле жылдардан болду. Дагы да тынч жылдардан болсун".

"Мен деле ишенбейм, бирок атамдын 3 бир тууганы мүчөл жашында каза болду. Мүчөл жаш ар бир 12 жылда бир келет".

"Антиш керек, минтиш керек" деген кептер көп. Мисалы, мен айылга барсам, үйдөгүлөр кой союшту. Анан канын ырымдап мага тийгизип, ошол кийимди 3 күн чечтирбей коюшту. Мен андайларга ишенбейм, бирок ата-эненин көңүлү үчүн эмнени гана кылбайсың. Өзүмө бир кызыл көйнөк тигип, кийип койсомбу деп жатам. Баса, "мүчөл жылында турмушка чыкса бактылуу болот" деп эжем турмушка чыкты эле, тилекке каршы, андай болгон жок. Болгону "24 жашка чыгып, карып баратам" деген эле кеп го".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
01.06.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдайт, мучол жылынды кутсон карып кетесин, эгерде 24 жашында чыга албай калсан 36 жашынды кутушко туура келет, ар нерсени айтып ХХХ бербегиле
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-01 17:32:42
01.06.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
football1, этика нормаларын сактаңыз!
01.06.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздар мучол жылын кутуп эрсиз калышы мумкун... Кыз баланын 17-18ден 22-23 жашына чейин турмушка чыкканы макул..

Адамдарга тан калам, сурасан мусулманмын дейт, анан гороскоп же ушундай ырым-жырым болсо ичкен ашын жерге койот. Деги же динге, же ырым-жырым менен астрологияга, экоонун бирине ишениш керек да..
barpy1 түзөттү 2016-06-01 17:42:43
02.06.2016. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эли эч качан Ислам дининен мурда жаралган эмес, билип билбей эле сого бересинби. Эгер билсен Ислам дини адам ата обо энеден мурда болгон. Ислам дининин тарыхына бир коз чаптырып койсон ашыкча болбойт.
02.06.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекер соз баары Аллахтан.
02.06.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи мучолуу жылды сыноо жылы деп кырсык тооручу жыл деп кан чыгарып ырымдашат кызыл кий жакшы коргон буюмду сындырып баштан тегеретип ыргытчу эле илгеери намазын беш маал окуган чон энелерибиз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: