Жаныбарлар үчүн колдонулуучу дарылардын сапатын текшерүү укугун Ветеринария департаментине өткөрүү сунушталууда
“Дары-дармек каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 3-апрелде ЖКнын жыйынында каралды. Депутат Дамира Ниязалиева баяндама жасап, мыйзам долбоору жаныбарларды дарылоо үчүн колдонуучу дары-дармектерди каттоо, сапатын текшерүү милдетин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринария департаментине өткөрүп берүү максатын көздөөрүн белгиледи. Эл өкүлү Эркингүл Иманкожоева ветеринардык дарыканаларда сатылып жаткан кытай дарыларында аны кайсы ооруга, кандай колдонуу боюнча түшүндүрмө жоктугун, мындай жагымсыз көрүнүшкө көзөмөл керектигин айтып, бул мыйзам долбоорун колдоорун билдирди. Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

