Министр Кадамжайдагы селдин кесепеттери тууралуу айтып жатканда айрым депутаттар аны укпай бири-бири менен сүйлөшүп жатышты

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 27-28-май күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон селдин кесепеттери тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, селден улам Кадамжайдагы айылдарда турак үйлөр, жолдор, көпүрөлөр зыянга учураган. "Учурда үйсүз калган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү иштери жүрүп жатат. Сел кесепеттери жоюлуп, таза суу, жол каттамдары калыбына келтирилип, электр чубалгылары кайрадан тартылууда. Сел агызып кеткен унаалардын биринде 7 адам болгон: 5 адам каза болуп, 1 жаш бала куткарылган, 3 жашар баланы издөө иштери улантылып жатат", - деди министр.
Бул маалыматтар айтылып жатканда айрым депутаттар ага көңүл бурбай, бири-бири менен учурашып, сүйлөшүп, тамашалашып жатышты. Министрге суроолор берилген жок.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Тазабек Акрамов ӨКМнын башчысы К.Бороновду селдердин алдын алуу иштерин жүргүзбөгөнү үчүн сынга алды. "Министрлик Кадамжайдагы айылдардын тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек болчу. Алдын алуу иштери болбогондуктан, жарандарыбыз каза табышты. Министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигин эмес, Өрт өчүрүү кызматын жетектегендей көрүнүп жатат. Кырсык орун алгандан кийин гана иш-аракеттерди жасап жатышат. Алдын алуу иштерин да жүргүзүү керек", - деди Акрамов.
Депутаттар министрди укпай, бири-бири менен сүйлөшүп жатышты


