"Манастагы" АКШнын аскердик базасын жабуу талабы менен Бишкекте митинг өттү
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында бүгүн, 3-апрелде “Манас” аэропортундагы аталган өлкөнүн аскердик базасын жабуу талабы менен митинг өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Митингге кырктай адам чогулуп, көпчүлүгүн жаштар уюмдарынын мүчөлөрү түзүштү. Чогулгандар базаны чыгаруу талабынан тышкары НАТОнун куралдарын Кыргызстан аркылуу Ооганстанга өткөрүүгө да тыюу салууну айтышты. Алар бир нече мүнөт турушуп таркап кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

