super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жол чырактан жөө өтүп бараткан адамдар "чоюлганда" жаным кашайып кетет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жол чыракты карап өтөсүңөрбү?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Москвада жол чыракты сөзсүз карап өтөсүң. Былтыр Өзгөнгө барсам унаасы деле, жөө адамы деле карабайт экен. Эсим ооп жашыл күйсүн деп турам, жашыл жарык күйсө да айдоочулар токтошпойт. "Сен токтобосоң, мага деле баары бир" деп карабай өтүп кеткем".

"Унаа айдап баратканда сөзсүз карайм, кызылдан эч качан өткөн эмесмин. Байкабай өтүп кеткен күндөр болгон, бирок түнкүсүн жана чоң жолдордон эмес. Ал эми жөө бараткан адамдардын чоюлуп өткөндөрү жанды кашайтат. Алар кызылдан өтүп баратышса ичимден сөгөм, бирок өзүм жөө болсом, кээде кызыл жарыктан деле өтүп кетем, бирок чоюлбай, кылдаттык менен".

"Студент кезде, 1-2-курста окуп жүргөндө шашылып баратканда кызылга токтобой эле айдап кеткен учурлар болгон, себеби жол-кайгуул кызматкерлери менен жакшы тааныш элем.
Азыр токтолуп калганымдын белгисиби, айтор, жол чыракка карап, ал тургай ылдамдыкты да азайтып айдап калгам".

"Жол чыракты унаа менен жүргөндө карайм. Жөө жүргөндө карабай эле өтөм".

"Дайыма карап өтөм, кээде шашылганда өтүп кетким келет, айла жок... Биздин окуу жайдын алдында төрт көчө бар. Бир агайыбыз "жол чыракты карап, өлбөй өтсөңөр эле окубасаңар да окууңарды бүтүп кетесиңер" деп көп айтат. Анан ошого өлбөй бүтүп кетейин деп жол чыракты карап жүрөм".

"Кээ бир адамдар кызыл жарык күйүп турса деле кете беришет, таң калам. Ал жол чырак сенин өмүрүң үчүн коюлган. Көчөдөн сөзсүз жол эрежеси менен жүрөм. Биздин жаныбыздагы жол чоң, эки тараптуу. "Зебрадан" өткөндөн да корком, кээде баскым келсе атайын жолду узартып, жол чырак тарап менен көчө кыдырып келем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
02.06.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин дагы!
02.06.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зебранын алдынан отойун десен анча мынча машиналар токтобой отоберет тообо
02.06.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош базарында жол чыракты эч ким карабайт, айдоочусу деле, жоо жургунчусу деле...(((
02.06.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sladkaja_konfetka, сен ал жакта культурный болуп жол чыракты карап созулуп турсан элдер тыпылдап отуп кете берет. Анан мен да кем калат бекем деп алардын ортосунда Гана кете бересин да анан )))))
02.06.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол чыракты карабай кызылда отуп бараткан жоо жургунчулор коп эле болот, айрыкча шашып бара жатканында алдындан чыгып жолунду тороп кериле басат жайлоодо бараткансып, жол сеники болсо да. Ичинден "мал экенсин" деп согунуп кала бересин.

Озун да жоо жургон учурлар болот, андайда жол чырак Кызыл жанып турса да баскан бойдон отуп кетип жаткан айдоочуларды согосун келиштирип. Озун ойлобосо да башкалардын омурун баалабайбы таанышы ак уйдо отурган машаяк болсо да...
02.06.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул корунуштор болгону биздин маданиятыбыздын денгели. Эвропа олколоруно бизге жетишке коп бар.Таарынбагыла! Кыргызстан элинин 80% ти маданияттуу болгондо жашоо жакшы жагына оойт.
02.06.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкектен зебраны айтпай эле коеюн ,светофордон абайлап отуш керек.Айдоочуларда "стоп линия " деген тушунук жок.
02.06.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Светофордон отуп баражатып боюнда бар катындарга окшоп чоюлган адамдарды корсом менин деле ичим атышат. Ошол чоюлгандарды барып бир сузсо энесин уч коргондон тайнесин ташкенттен корот
02.06.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоо журуучулор жакшы эле.а вот айдоочулар жинге тийишет.бизге го жакшы.каргандар.жаш балдар.майыптарды сыйлашса дейт элем
02.06.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zolushka89,ошода машина айдап эле болбой услышат
ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-02 17:58:44
02.06.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ откуда вы знайте может буттары ооруйттур машина айдап эле кыйын болуп
Кетесинер марки!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-02 17:59:18
02.06.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
s5kgbal, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
03.06.2016. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Моюнга алыш керек чын эле кыргызстанда жол чырака анча маани берилбейт.Чоюлуп отобу чоюлбай отобу берилген минутада отсо болдуда.Анан кээ бир жургунчулор бар кызыл жанабы сары жанабы отуп кете берет шашылып.Ошол шашылып аткан адам коп болсо барчу жерине 2 ,3мин эрте барат болгону шашылып атып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: