super.kg logo

Онкология борборунун балдар бөлүмүндө майрамдык маанай тартууланды (фоторепортаж)

 
Кыргыз Республикасынын ийилчээк, "сөөксүз" кызы аталган Чынара Мадимкулова
Кыргыз Республикасынын ийилчээк, "сөөксүз" кызы аталган Чынара Мадимкулова
Алып баруучулук кызматты аркалаган Салтанат Саматова

Бүгүн, 2-июнда Бишкектеги Улуттук онкология борборунун балдардын онкология жана гематология бөлүмүндө майрамдык концерт болуп өттү. Концерт 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн урматына аталган ооруканада жаткан балдардын маанайын көтөрүү, майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулган. Анда күлкү жаратуучулар түрдүү күлкүлүү трюктарды көрсөтүшүп, балдарды атайын аянтчага чыгарып бирге оюн көрсөтүп жатышты.

"Украина менин таланттарым" Эл аралык сынагынын 6-сезонунда финалга чейин жетип, Кыргыз Республикасынын ийилчээк, "сөөксүз" кызы аталган Чынара Мадимкулова да бул концертке келип, дагы бир ирет өзүнүн "сөөксүз" экенин далилдеп, буту менен абада жаа атып балдардын алкышына арзыды. Таланттуу кыз концерт соңунда баары менен сүрөткө түштү.

Бул майрамдык иш-чарада алып баруучулук кызматты аркалаган Салтанат Саматова мындай дейт:

"Өзүм онкологиялык оору эмне экенин башымдан өткөргөн соң, балдар үчүн уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасына үзбөй катышып келем. Бүгүн да балдарга жакшы маанай тартуулоо, аларга баары жакшы болот деп үмүт берүү үчүн ушул жерде жүрөбүз".

Концерт соңунда "балдар батыраак айыгып, өз үйлөрүнө тарасын, эч ким оорубасын" деген жакшы каалоо-тилектер айтылып, шарлар көккө учурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.06.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым эч бир балага оору бербесе кана..((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: