super.kg logo

Ысык-Ата районунан келген аксакалдар президенттен Чыңгыз Жумагуловду милиция кызматкерлеринен коргоону суранышты

 

Ысык-Ата районунан келген аксакалдар президент Алмазбек Атамбаевден айыл жашоочуларына жардам берип жүргөн Чыңгыз Жумагуловду милиция кызматкерлеринен коргоону суранышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда аталган айылдын жергиликтүү тургуну Топчубек Касымов маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-майда кечинде Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын фермери Чыңгыз Жумагуловдун үйүнө милиция кызматкерлери күтүүсүздөн кирип келип коркутуп, тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Аталган айылдын тургуну Топчубек Касымовдун айтымында милиция кызматкерлери Чыңгыз Жумагуловду эмне себептен издеп жатышканын билдирбей, ата-энеси менен үйүндө иштеген куруучулардан бери коркутушкан.

“Милиция кызматкерлери күтүүсүздөн Чыңгыз Жумагуловдун үйүнө киришип, ата-энесин, үйүндө жүргөн куруучуларды коркутушту. Эмне себептен Чыңгызды издеп жатышканын түшүндүрүшкөн жок. Айлабыз кеткенде айыл тургундары чогула калып, трактор менен жолду бөгөп салгандан кийин тинтүүнү токтошту. Чыңгыз аттуу бала айылда мечит, медресе, спорт аянтачасын салып берген. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга акчалай жардам берип жүрөт”, - дейт Топчубек Касымов.

Учурда Чыңгыз Жумагулов милициядан качып үйүнө бара албай жатканын айыл тургундары билдиришүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
02.06.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кызык,эмнеге качат?Келбейби озу.
02.06.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам берип коюңуз эми Алмаке.
02.06.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Макул начальнигине чалып суйлошуп коем!
02.06.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akyn-jurogu, озунчеле бандитсинго иним
02.06.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Munar8625, Бандит менен Патриоттун айырмасын билбейт окшойсуз байкеси?...
02.06.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Милицияларга бере турган долясын бербей койгонго сыягы
02.06.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир куноо кылса керекда.Жон эле ойноп уйуно барбаса керек
02.06.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран ХХХ атаң гөрү эми бул Чыңгыз ХХХ оң колу да силер барып ушинтип сүйлөгүлө деп ак сакалдарды үйрөтүп туруп жиберди да мечит медреселерди Алмалуудагы кирпич заводду ХХХ салат да.өзүнүн акчасына салып жатты беле. Улуу урматтуу президенттибиз мындай ХХХ Чыңгызды милициядан коргобой тескерисинче камаганга буйрук берсе экен.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-02 16:48:54
02.06.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit.paren, далили жок кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-02 18:13:34
04.06.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit.paren,мен сага кошулам
02.06.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу админ кечирим сурайм бирок ал Чыңгызды мен жакшы билем далилим бар үчүн жаздым.
02.06.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Неге камайт неге эл душманыбы беле,Чынгыз деген жигит,сиз бир Элге деп туалет салдыныз беле,Качан кыргыз кыргызды колдогонду уйронобуз эхэхэх чиркин.
03.06.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ак болсо неге качат,бул мечит,медресе салса, акчалай жардам берсе кызык ак емгек менен келет болду Бекер,азыр Кыргызстана башын менен жер казсанда мындай акча таап еч Ким жардам беге Аббаса керек,бул ишти кылдат текшериш керек,изилдеш керек чынгыз деген немени
04.06.2016. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигини фермер болуп кеткенин! Доо Чынгыз, билебиз ким экенинди!!!
04.06.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксакалдардын артына жашынып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: