Эл аралык футбол федерациясынын жаңы рейтингинде улуттук курам 111-орунду ээледи

Бүгүн, 2-июнда Эл аралык футбол федерациясынын рейтинги жаңыланды. Анда 209 кураманын ичинен кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасы 11 орун артка жылып, 111-орунду ээледи. Май айындагы рейтингде улуттук курам 100-орунду ээлеген.
Федерациянын расмий сайты кабарлагандай, Александр Крестининдин командасынын эсебинде 313 упай бар. Ал эми Азиянын командаларынын ичинен улуттук курам 15-орунду ээлеп турат.
Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунан кийин улуттук курам расмий беттеш өткөргөн эмес. Алгачкы жолдоштук беттеш 7-июнга пландалган. Анда улуттук курам Иран менен беттешет.
Рейтингдин алдынкы сабында Аргентина, Бельгия, Колумбия, Германия жана Чили курамалары бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

2 (51) Korea Republic
3 (53) Japan
4 (57) Australia
5 (65) United Arab Emirates
6 (74) Uzbekistan
7 (80) Saudi Arabia
8 (84) China
9 (86) Qatar
10 (87) Jordan
11 (89) Iraq
12 (104) Oman
13 (105) DPR Korea
14 (108) Kyrgyzstan
15 (119) Turkmenistan
16 (124) Bahrain