super.kg logo

Ысык-Көл облусундагы 3 ооруканага дем алдыруучу медициналык аппараттар тапшырылды

 

Бүгүн Ысык-Көл облустук бирикме ооруканасы, Жети-Ɵгүздөгү дарыгерлер тобунун тажрыйбалык борбору жана Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканасына өпкө ооруларына чалдыккан балдарга дем алдыруучу медициналык аппараттар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дем алдыруучу аппараттарды Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду менен Япония мамлекети алып берген. Медициналык жабдыктарды тапшыруу аземине саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев жана кыргыз жериндеги Япониянын ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ катышып, Каракол шаарындагы облустук оорукананын абалы менен таанышып чыгышты.

"Бул медициналык аппарат өпкө оорусуна чалдыккан балдардын дем алуусуна жардам берет. Мурун бейтаптарды аргасыздан Бишкектин ооруканаларына жиберчү элек. Эми өзүбүздүн ооруканабызда эле дарылап, балдардын өмүрүн сактай алабыз", - дейт Каракол шаарындагы облустук оорукананын балдар дарыгери Эдил Садыков.

Мындай медициналык аппараттар Жалал-Абад облусундагы 2 ооруканага берилген. Жалпысынан 5 комплекттин суммасы 12 миллион сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
03.06.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россиядан салып жиберген аппараттарым акыры жеткен турбайбы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: