"Алай" футболдук клубу Ош шаарында улуттук курама команданы утуп алды












Бүгүн, 2-июнда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо улуттук курама команда менен Оштун "Алай" командасы беттеште. Жолдоштук беттеш 1:0 эсебинде "Алайдын" жеңиши менен аяктады. Голду 26-мүнөттө чабуулчу Алиа Силла пенальтиден киргизди.
Машыктыруучулар майданга төмөнкү футболчуларды чыгарышкан:
"Алай": Вахиджан Акбаралиев, Бакыт Маматов, Шухрат Рахмонов, Тимур Султанов, Нурсултан Атамурзаев, Максат Алимов, Аброр Кыдыралиев, Муролим Ахмедов, Одилжон Абдурахмонов, Теги, Алиа Силла.
Улуттук курам: Руслан Амиров, Курсант Шератов, Азамат Байматов, Дениэл Тего, Турсунали Рустамов, Бахтияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин, Виталий Люкс.
Кошумчалай кетсек, улуттук курама команда 7-июнда Иран менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул оюн Иранга каршы беттешке даярдык алкагында уюштурулду.

Кантседе Алахым колдоп Иран менен ойногондо жениш менен келишине ишенебиз
Же Алай командасынан дагы кучтуулорун терип алып, куну-туну машыгууларды откоргуло!!!!
Иран кучтуу команда. Кыргызстан ошого туруштук берип, женип калса экен!!!!!