super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 3-ИЮНЬ: Тарыхтагы мыкты теннисчилердин бири Рафаэль Надаль 30 жашка толду

 

Атактуу испаниялык теннисчи, Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин 14 жолку чемпиону Рафаэль Надаль бүгүн, 3-июнда 30 жашка толду. Ал 1986-жылы Испаниянын Манакор аймагында төрөлгөн.

Сологой спортчу карьерасында жекеликте бир катар жеңиштерге жетишкен. Алардын катарында "Бээжин-2008" Олимпиадасынын алтын медалы да бар. Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин 14 жолу уткан. Тактап айтканда, 9 ирет Франциянын Ачык биринчилигин, 2 ирет АКШнын Ачык биринчилигин жана 2 ирет Уимблдон мелдешинде чемпион болгон. Бир ирет Австралиянын Ачык биринчилигинде жеңишке жетишкен. Бул мелдештердин баарын утканы үчүн ага "Алтын шлем" наамы берилген.

Кезинде дүйнөнүн 1-ракеткасы катары белгилүү болгон.

3-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: