ЖЫЛНААМА, 3-ИЮНЬ: Шыргый менен секирүү боюнча Олимпиаданын жана Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Елена Исинбаева 34 жашка толду

Орусиялык жеңил атлет, шыргый менен секирүү боюнча Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону жана 2 жолку Олимпиада чемпиону Елена Исинбаева 34 жашка толду. Спортчу 1982-жылы Орусиянын Волгоград шаарында туулган.
Ал Волгограддагы Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган, педагогика илимдеринин кандидаты.
Е.Исинбаева "Афины-2004" жана "Бээжин-2008" Олимпиадаларында алтын медаль тагынган. Ал эми "Лондон-2012" Олимпиадасында коло медалды багындырган.
Дүйнө чемпиондугунда 3 алтын, 1 коло медалга ээ болгон. Жабык имараттарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда 4 алтын медаль алган. 2 ирет Европа чемпиону аталган.
Шыргый менен бийиктикке секирүү боюнча 27 жолу дүйнөлүк рекордду жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.