ОшМУнун студенттери "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынын жаратуучулары менен жолугушту
Бүгүн, 3-апрелде "Салам, Нью-Йорк!" көркөм тасмасынын режиссёру Руслан Акун жана тасмада башкы каармандын образын жараткан Бектемир Мамаюсупов менен ОшМУнун студенттеринин жолугушуусу өттү. Жолугушууда тасма тартуу учурундагы кызыктуу учурлардан тартып анын жаралыш тарыхы, максаты, режиссёр жана актёрлордун жеке жашоосуна чейин пикир алышуу болду. Тасма ээлери студенттердин ар кандай суроолоруна жооп беришип, жагымдуу иш-чара болгонун билдирет университеттин басма сөз кызматы. ОшМУнун Тарбия департаментинин башчысы Замирбек Бөжөнов тасмада өз максатына жетүүгө умтулган кыргыз жигитинин образы берилип, анда достук, мекенди сүйүү темасы орун алгандыктан, студенттерге тарбиялык мааниси чоң экендигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
-1

