super.kg logo

Бүгүн "EXPO: Made in Kyrgyzstan" көргөзмөсүндө чет элдик ишкерлер кымыздан жасалган балмуздакты тамшанып жеп жатышты

 
"Мага шырдак, жүндөн жасалган куурчактар жакты. Кымыздан, талкан менен жасалган балмуздактар аябай даамдуу экен. Мындайды өмүрүмдө биринчи жолу жеп жатам", - дейт Шимода Юкики.
Көргөзмөдө чет элдик жарандар кымыздан жасалган балмуздакты тамшанып жеп жатышты.
Иш-чаранын катышуучусу Жээнбек Мамырканов шырдак жасаган ишканага чет өлкөлүк ишкерлер кызыгып жатышканын билдирди.

Бүгүн, 3-июнда Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында "EXPO: Made in Kyrgyzstan" Эл аралык көргөзмөсү алгачкы жолу өтүүдө. Көргөзмөгө кыргыз жеринде өз продукциясын чыгарган жана тейлөө тармагында иш алып барган 55ке жакын компания катышууда.

"Иш-чаранын максаты - жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аларды эл аралык деңгээлде таанытуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө инвесторлорду, өнөктөштөрдү табуу", - дейт көргөзмөнүн уюштуруучусу Зарина Чекирбаева.

Көргөзмөдө чет элдик жарандар кымыздан жасалган балмуздакты тамшанып жеп жатышты. Япониядан келген Шимода Юкики кыргыздардын колунан жаралган буюмдар, улуттук тамак-аштар таң калтырганын айтты.

"Мага шырдак, жүндөн жасалган куурчактар жакты. Кымыздан, талкан менен жасалган балмуздактар аябай даамдуу экен. Мындайды өмүрүмдө биринчи жолу жеп жатам", - дейт Шимода Юкики.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучусу Жээнбек Мамырканов шырдак жасаган ишканага чет өлкөлүк ишкерлер кызыгып жатышканын билдирди.

"Көргөзмөдө Япония, Франциядан келген ишкерлер кызыгып, даректерибизди жазып кетишти. Албетте, чет өлкөдө кыргыздын маданий мурасын даңазаласак кандай сонун болот", - дейт Жээнбек Мамырканов.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында эртең, 4-июнда чет өлкөлүк ишкерлер менен жолугушуу болмокчу. Алар кыргыз ишкерлери үчүн мастер-класстарды өткөрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
03.06.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы! Сыймыктанчу иш кылып атыпсынар! Кымыздан балмуздак кандай болоор экен...
03.06.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akyn-jurogu, абдан сонун болот. Даамы тим эле таңдайда калат. Барып жеп көрсөңүз.
03.06.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayana1987, сен жеп кордунбу?
03.06.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bayana1987,кымызды тоңдуруп коет бекен же башка нерселерди да кошот бекен ?
03.06.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ООО кудай ай ушинтип кантип кымызды бузуп балмуздак жасасын?! Кымызды кымыз боюнча ичкен жакшы эмеспи,кучтуу кылып ачытып жакшы кымыз ичкенде адам бир силкинип ала тургандай кылып жасаш кк кымызды. Андан коро бакалдарды морозилкага тондуруп кымызды ошо бакалга куйуп беришпептир ото соонун моокумуну кандырат эле. Кымызды бурмалап не зарыл...
Keremet008 түзөттү 2016-06-03 15:31:18
03.06.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Keremet008,антейин десең чучук бургер деп да чыгышты го. Азыр эптеп бир жакшы нерсе ойлоп тапсаң,акча болуп жатат да.
Кымызды да чучукту да жеп жатабыз, бирок бурмаланганы башкачараак болгону үчүн кызыгуу болот окшойт.
03.06.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rifle_3,ким билет кимге кандай жакшы...? именно мага кымызды бурмалаганы жакпай жатат
Keremet008 түзөттү 2016-06-03 18:21:08
03.06.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээээх Алайдын тээ кок шибердуу долонолуу жайлоолорунун кымызына эмне жетсин.
03.06.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн сонун мен таза кийизден калпак алат элем
03.06.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
акыркы сүрөттөгү оң жактагы кыз,сол жактагы эркекпи?чачын да байлап алганбы?
Kani1994 түзөттү 2016-06-03 16:18:03
03.06.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kani1994,кыздарды пайлап отурасынбы сулуубу экен деп
03.06.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rahim76,сүрөттөрдү карап атып,КЫЗбы же БАЛАбы?айырмалай албай койдум!ошол үчүн сурадым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: