СУПЕРСТАН: "Кыргыз болгондон кийин "бовойт, кевейт, менам, сенам" дебей, кыргызча жазгыла"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмнеге атайын ката жазышат?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Форумда адабий тилде, так, туура жазгыла деген эреже жок. Бул жакка зеригип отургандар кирип, өздүк тилде жазып коё беришет. Аны так, туура жаз деп айта албайбыз, анткени ар ким өзү билет жана өз диалектисинде жаза берет. Чыгарма жазгандарга туура, так жазгыла деп айтыш керек. Мисалы, "ич пала болбойт, опшум, олувамкетсин, беркесенер, баляя же балаасың го" деген сөздөр маанайымды көтөрөт, бирок жазуунун грамматикасын да билишибиз шарт".
"Мен туура, так жазуу керек деген сунушту колдойм, өзүбүздүн адабий тилде жазгыла дээр элем".
"Туура эле, мен да көп окуйм, диалектини аралаштырып жазган кезде да бир аз туура келбей калат экен. Туура жана адабий тилге жакыныраак кылып жазсак, жакшы эле болсо керек".
"Ооба, кыргыз болгондон кийин "бовойт, кевейт, менам, сенам" дебей кыргызча жазгыла. Ушундай билдирүүлөрдү окуганда уялам".
"Мен жакын санаалаштар менен, жердештер менен гана атайылап диалектини аралаштырып сүйлөбөсөм, калган учурда адабий тилде гана жазам".
"Кээде менин да жаным кашайып кетет, ушул темада козголгондой сөздөрдү окуп жатып... Аттап-аттап кетем андай посттордон".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Туура айтасыз тушунушуп туруп кайра кайра айткандан пайда жок болсо керек
Кыйраттын
"Тигил жакта, бул жакта"-адамдарга тиешелуу. Ал эми "тиякта, биякта" - малдарга жана жансыз заттарга тиешелуу
созунуздн жанылбаныз, баары эле андай эмес! Тилекке каршы! Биз ошол аймакта жашап калгандыгыбыз учун создор коншулардыкына окшошуп калган баары эмес кээ бир создор. Бул деген чойрого жараша. Эгер орус улуту менен талаш тартыш болуп олкодо аларды болгондо анда орусча суйлогондорду да айтышмак тигитпе минт деп. Казыр деген созду колдонгондрго неге тан калбайбыз?! Мама-папа дегендер? Баары чойрого жараша бирок мен жашаган жерде озбектер болсо да алар бизге наоборот кыргызча суйлойт
Мен туштуктон тундуко турмушка чыккам эмнегедир кайын журт оштук дешет, ал эми озумдун торкундоруп, туугандар эле ии аркалыктар дешет.
Тилимди мен Таластын диалектисинде атыр жатыры жок эле суйлойм кып кыргызча , анан туугандарым мн жолугуп калсам журун анан атыр жатыр болу деп маскаралагандай суйлошот.
Бул карангылык деп тушуном биз адабий тилибиз бар учун кыргызбыз,анан эмнеге таза суйлосон да жактырышпайт тушунбойм
Ар бир жаран оз диалектисинде, оз говорунда суйлоого укугу бар, бул учун кемсинтуунун кереги жок... эч ким "атыр, патыр, жатырларга" терикпейт го, ошондой эле туштуктун диалектикасына да терикпеш керек... Менин Озгондук группалаш досум 6 жыл Бишкекте окуп да оз тилин бербеди,
Ишенбесен [moderated] ду карасан