super.kg logo

Муфтий Германияда өткөн “Экстремизм, терроризмдин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу” аттуу конференцияга катышты

 

2016-жылдын 31-майынан 1-июнуна чейин Германия мамлекетинин Берлин шаарында Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун экстремизм, терроризмдин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйыны өтүп, ага кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Кыргыз Республикасынын Германиядагы өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Асхат Рыскулов, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин адиси Икбалжан Мирсайитов катышты. Бул тууралуу муфтияттан бүгүн, 3-июнда кабарлашты.

"Иш-чарага 57 өлкөнүн коопсуздук серепчилери, окумуштуулары, дин аалымдары катышып, жалпы 350 катышуучу келген. Ар кайсы мамлекеттерден келишкен делегаттар зордук-зомбулук, экстремизмге каршы күрөшүү, аялдардын жана жаштардын радикалдык уюмдардын катарына кошулуусунун алдын алуу боюнча баяндамаларын окушуп, бир катар орчундуу маселелерди талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Конференцияны Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана ички иштер министри Томас де Мезьер ачып беришкени маалым болду. Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын делегаттарын Кыргыз Республикасынын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эринес Оторбаев кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.06.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин эң жакшы көргөн инсаным азирети муфтий Максат ажы.
Өтө кымбат адам да. Беш жылдай жанында жүрдүм десем болот сабактарына катышып, өтө күчтүү адам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: