super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жолдошум менен жашаганыбызга 7 жыл болот, бирок "сен" деп айта албай койдум"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөңүздү "сиз" дейсизби?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жолдошум экөөбүз тең Ысык-Көлдөн болобуз. Жолдошум 2 жашка гана улуу болгону менен, мен ага "сиз" деп кайрылам. Жалал-абаддык бир эженин күйөөсүнө "сиз" деп кайрылганы мага жагып, сүйлөшүп жүргөндө тамашалап "сиз" деп айтып көнүп кеттим. Биринчи укканда ата-энебиз, аяштарыбыз таң калып жүрүштү, бирок "сиз" дегенде ортодо чоң сый болот экен. Урушпайбыз, жөн эле таарынышып калабыз, жадакалса атыбыздан да айтпай эркелетип чакырышабыз. Эч качан бири-бирибизди "мазактап" урушкан эмеспиз, андай болбой эле койсун".

"Биз "сизи" жок эле сыйлашабыз".

"Көбүнчө түштүк жакта аялдар "сиз" деп кайрылышат, сыягы силер жаңы үйлөнсөңөр керек. Убакыттын өтүшү менен кандайча "сен" деп калганыңды өзүң да билбей каласың".

"Биздин чогуу жашаганыбызга 7 жыл болот, 3 балабыз бар, бирок "сен" деп такыр айта албай койдум. Жолдошума да жагат, бир жолу СМСти "сен" деп жазып коюп өзүм жаман болгом. Ал да байкап, "Арткы 3 тамганы жазгандан эринип койдуңбу?" дегенде күлгөм".

"Жолдошум менен жаш айырмабыз бир жаш же менден кичине болсо деле "сиз" деп кайрылмакмын. Жолдошум менден 6 жаш улуу. Мен аны менден улуу болгону үчүн эмес, аны сыйлаганым үчүн "сиз" дейм".

"Түштүктүн башка жагын билбейм, бирок Кара-Сууда 5-6 жаш айырма болсо да "сен" деп эле айтат. Бир байке өзбекстандык кыз алган, 10 жаш кичүү. Ошол да "сен" эле дейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
03.06.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмнеге билбейм,бирок мен СИЗ дегенден уяла берем!
04.06.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kani1994,менда билбейм неге экедигин.
Бирок сыйлабагандык эмес
03.06.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен дагы жолдошуму сиз дейм анткени мен аны сыйлайм бир жаш улуу болсо да сиз демекмин сиз деп кайрылган жагат мага)))
Dinaa түзөттү 2016-06-03 17:09:10
03.06.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
сиз деп ....берет дегендей да силердики)))
03.06.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мени башында кыйнап сиз жедирген бир ай сиз деген киши болуп журдум кийин сен десем сиз де туштукто сиз дейсинерго дейт.
- Апам атамдан 6 жаш кичуу сиз дегенин уктунбу тим эле туштук деп койот деп сен деп алгам
03.06.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Сен деген сенек соз, сиз деген сылык соз" деп окугам мектептеги курагымда... Сиз бул сыйлоо, бирок сиз же сен деп кайрылуу ар кимдин оз эрки...

Бир жолу жумушта бир Аксылык жигит озунон бир топ улууларга "сен" деп кайрылганы мага оон, жат корунду. "Сенден улуу го, сиз деп кайрылбайсынбы" десем, "мен атама сен деп кайрылам, уулум мени Сен дейт, анан эмнеге буларды сиз дейм?" деп оозумду ачырды. Тарбиян начар экен деп койдум ичимден...
03.06.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара-Суулуктар деле СИЗ деп кайрылышат, балким айрым жерлерин кошпогондо. Бир адам жок жерден жуз адамдын атынан жооп жазса кызыктай болот экенсин...
03.06.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"СИЗ" деп бойдок кезде айтып журуп, тойдун эртеси эле "СЕН" деп калса конулу ооруп калат го эркектин !!!ушул кунду эле кутуп "СИЗ" деп жургон экен деп.
03.06.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сиз деп сыйлаган жакшы
03.06.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сиз десен эч жерин оюлуп калбайт,Сиз дегендин ичинде канча ызаат,урмат,жолдошуна болгон ишенич жатат.
03.06.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизби,сенби бактылуу болсонор болдуин.
04.06.2016. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз деп токмок жегенче ,сен деп сыйлаш канын дурс эмеспи,мен кобунчо атасы деп кайрылам а эгер кичине кер мур айтышып калсак ,сиздики туура байым эмне кызмат деп кутулуп кетем,жон эле суйлошсон кунумдук жашоодо сен деп эле суйлошобуз.
04.06.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мени айалым сен десе жанын сууруп алмакмын аллага шугур андай эмес сиз деш керек
04.06.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
chyngyz-40,кайран жан сизге алдырган
04.06.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиз дегенден эч нерсенер кемип кетпейт.Менин келинчегим сиз деп кайрылат.Мунун плюсу болсо болот бирок минусу точно болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: