super.kg logo

Дастан Бекешев улуттук банкнотту пластиктен жасоону сунуштады

 

КСДП фракциясынын кечээ, 3-июнда болгон Улуттук банктын ишмердүүлүгү жөнүндө жыйынында депутат Дастан Бекешев улуттук банкнотту пластиктен жасоону сунуштады.

"Дүйнө жүзүндө кээ бир өлкөлөр көпкө колдонулчу жана акчаны кайра жасатууга кеткен чыгымды азайта турчу пластик купюраларга өтүп жатышат. Кыргыз Республикасында пластик акчаларды колдонуу маселелерин изилдеп көрдүңөр беле?" - деп сурады депутат.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов пластик акчаларды жасоонун технологиясы жаңы экенин, аны дүйнөдө 10 гана өлкө колдонорун айтты.

"Кыргыз сому 100 пайыз пахтадан жасалат, анын бышыктыгын камсыздап турат. Пахта буласынан жасалгандыктан, купюраны көп жолу бүктөгөнгө мүмкүн, ал эми пластик акчаны капчыкка салып пайдаланганда гана көпкө колдонууга болот. Сиз билесиз, бизде акчага кандай мамиле кылышат, аларды бырыштырып чөнтөктөргө салып, тоголоктоп да салышат", - деп жооп берди жана депутатка Улуттук банктын экспертин түрдүү акчалардын сапаттарын көрсөтүүгө жиберерин айтты Абдыгулов.

Мындан сырткары Дастан Бекешев көзү начар көргөн жана көрбөгөндөр үчүн банкнотторду аныктоочу элементтерди кошуу керектигин билдирди. Банктын төрагасы бул маселе каралып, көзү көрбөгөндөр үчүн атайын элементтери бар купюраларды чыгаруучу технологияларга ээ болгон эки өлкөнүн тажрыйбасы изилденип жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
04.06.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекешов да зериккенби...
04.06.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чөнтөккө томпойтуп пластик салып жүрөбүз. Пластик карточка көтөрүп жүрүүгө ким тоскоол кылып жатат ?

Биздин сомдун сапаты аябай жакшы. Канча жолу унутуп жуулуп чыккандары бар, арасында оролуп бүктөлгөндөрү бар. Маршруттарда кантип гана орободу, сом тирүү .
04.06.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресиздер! Пластик купюра жонундо кенениреек маалымат берип кетиниздерчи!?
04.06.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой-тообо шумдугуң кургур. Шу баланын кылаарга иши жокпу дейм да. Пластиктен жасалган акчаны кайсы чөнтөкө салып жүрөбүз???? Кыргызга жат көрүнүшко бул нерсе.
04.06.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пластик акча дегени кандай.аны жасаш учунда канча расхот кетет.андан коро озубуздун эле акча жакшы
05.06.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Seyitira8186,Чыгымы жонокой акчадан коп,бирок иштоо мооноту да 4-5эсеге коп.Ал жыртылбайт,сууга эзилбейт,ж.б артыкчылыктары коп.Азыркы учурда 48 олконун банкнотторунда кездешет.
04.06.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жон койгула суйлоп коюптур да зериккенден.Жердеги болуп жаткан нерсени айтпай асманды суйлошот кокуйбай депутаттар.
05.06.2016. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пластик акча бул биз азыркы эле колдонуп жургон акчадан корунушу боюнча эч бир айырмасы жок акча. Артыкчылыктары эмнеде - эгер акча жаанда же сууда бир нече кун калып калса, болгон кучунуз менен буктоп ушалап салсаныз дагы озунун баштапкы корунушун озгортпойт. Эгер кир болуп кетсе ным чупурок менен аарчып тазалап алса болот. Эн башкысы пластик акчанын омуру азыркыга салыштырмалуу 10 эсе жогору.
05.06.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пластик акчаны жасаш оной, жасалмасы кобойуп кетет, Москвада мисалы биздин ички паспорттун жасалмасын жасатса олот
05.06.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пластик десе катуу немени элестетпегиле. Гуглдан издер корсонор. Биздикиндей эле болот. Жыртылбайт, буктолбойт. Атайын кессен анан кесилет.
05.06.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз сому чындыгында сапатсыз,казак,тажиктердин акчасына караганда.Пластик бул жакшы идея.
05.06.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Рублдун сапаты жакшы, ошондой кылып жасаса болбойт бекен ээ....
06.06.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Полиме́рные (пла́стиковые) де́ньги — денежные знаки, изготовленные из полимерных материалов. Пластиковые деньги дороже в изготовлении, чем обычные, но и срок их службы в несколько раз длиннее. Особое преимущество нового материала перед бумагой в том, что банкноты из него более чистые, поскольку предотвращается поглощение влаги, пота и грязи. Их легче производить, процесс измельчения изношенных купюр, их переработки и повторного использования также значительно упрощен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: