super.kg logo

Жааган жамгырга, катуу шамалга карабай "Банд`Эрос" тобу Бишкекте күйөрмандарга көңүлдүү маанай тартуулады (фоторепортаж)

 
Мына ушундай кооз жерде "Банд`Эрос" тобунун концерти болуп өттү
"Азия Микс" командасынын оюнчусу Ростислав Ященко
Концертке келген топтун күйөрмандары
"Банд`Эрос" тобу сахнада
Жамгыр жаап жатты, бирок бул жаштардын мааанайын буза алган жок

3-июнда борбор калаага орусиялык белгилүү "Банд`Эрос" тобу күйөрмандарына мыкты маанай тартуулоо үчүн келди. Бул топтун концертин көрүүгө келгендердин көбү жаштар эле, ошондой эле улуу муундун өкүлдөрүн да көрүүгө мүмкүн болду. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар: "Азия Микс" командасынын оюнчусу Ростислав Ященко, "Non-Stop" дуэтинин солисти Чолпон көңүл ачууга келгендердин катарында жүрдү.

22:00дө баштала турган концерт жааган жамгырдан улам кеч башталды. Алгач таланттуу чыгармачыл жаштар ырдап, келген конокторду бийлетсе, бири комузда кол ойнотту.

Концерт ачык асман алдында өтүп, концерт учурунда нөшөрлөп жаан жаап, катуу шамал болуп турду, бирок бул нерсе жаштардын маанайын түшүргөн жок. Тескерисинче, "Банд`Эрос" тобунун күйөрмандары топту чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Бир топ күттүргөн соң сахнага "Банд`Эрос" тобу чыгып, хит болгон ырларды аткарды. Келген жаштар жамгырда суу болгонуна карабай сүйүктүү тобу менен кошо ырдап, бийлеп жатышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
04.06.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биз бекерге таш жааса да барабыз!
04.06.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ofiser26,боорду эздинго
04.06.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ofiser26,Боорду эздинго жигар
04.06.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 kishi kelgen go
sirgak_92 түзөттү 2016-06-04 11:09:32
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: