super.kg logo
  Спорт  

Легендарлуу америкалык мушкер Мухаммед Али 74 жаш курагында дүйнө салды

 

Атактуу америкалык мушкер Мухаммед Али 3-июнь күнү 74 жаш курагында дүйнө салды. Легендарлуу мушкер Финикс шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумду. Бул тууралуу америкалык басылмалар кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ал 1-июнда өпкөсүндөгү дартка байланыштуу ооруканага жеткирилген. Калтыратма (Паркинсон) оорусу да бул маалда күч алган.

Кошумчалай кетсек, Мухаммед Али - бокс тарыхында атын алтын тамгалар менен жазган мушкер. Ал көптөгөн жаштардын спорттун ушул түрүн тандоосуна себеп болгон. Мухаммед Али 1960-жылы Олимпиада оюндарында чемпион аталып, профессионалдык бокс дүйнөсүнө аттанган. Профессионалдык рингде ал 61 беттеш өткөрүп, 56 ирет жеңишке жетишкен. 1964-1966-жылдар аралыгында жана 1974-1978-жылдар аралыгында супер оор салмакта Дүйнө чемпиону катары чемпиондук курга ээ болгон.

Мушкер тууралуу анын баскан жолунан айрым фактыларды сунуштайбыз:

Карапайым үй-бүлөнүн баласы. Мушкер 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. 10 жаш курагында башка теңтуштарындай болуп иштебесе да, мектепте парта, такталарды тазалап, аз-аздан акча алып турган.

Терисинин өңүнө катуу асылышкан. 1950-жылдары Луисвилл шаарында кара түстөгү адамдарга катуу басым болгон. Бул кичинекей Кассиус Клейди (өзүнүн аты) эрте турмушту түшүнүүгө, басымга кантип туруштук берүүгө үйрөткөн. "Менин теримдин түсүнө асылгандардын жаагын жапкандан мурун, мен бизди коомдо эмнеге жаман көрөрүн түшүнө албай ыйлачумун", - деп эскерген кийин мушкер.

Уурдалган велосипед бокс дүйнөсүнө алып келген. Клей 12 жашында бокс менен машыга баштаган. Анын бул чөйрөгө келүүсү кокусунан болгон. Ал балдар менен балмуздак бекер тараткан жерлердин бирине барып, велосипедин уурдатып жиберген. Полиция кызматкерине карап ал "ууруну тапсам катуу токмоктойм" деген. Буга ал "бирөөнү токмоктогондон мурун, кантип токмоктоо керектигин үйрөнүш керек" деген жооп алат. Бир канча күн өткөн соң Клей ошол полициянын боксчу балдарын сыналгыдан көрөт. Ал бокс залына ушул окуядан кийин бара баштаган.

Олимпиада оюндарынын алтын медалын тагынган. 18 жашка толгон Кассиус Клей "Рим-1960" Олимпиадасына жолдомо алган. Ал мелдеште эң жаш мушкер болгонуна карабай атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынган.

Арданып, Олимпиаданын медалын сууга ыргыткан. Мушкер Олимпиада оюндарынан алтын медаль менен кайтып келген соң Луисвилл шаарындагы ресторандардын бирине кирген. Бул ресторан ак түстөгү адамдар үчүн болгонун мушкер мыкты билген. Бирок өзүнүн Олимпиада чемпиону экенин айтып, ал ичкенге суу да ала алган эмес. Буга катуу арданган мушкер "керекке жарабаган" медалын сууга ыргыткан. Эл аралык Олимпиада комитети мушкерге медалды кайра 90-жылдары жасап берген.

22 жаштагы Дүйнө чемпиону. Кассиус Клей 22 жашында профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону аталуу үчүн беттеш өткөргөн. Анын атаандашы Сонни Листон болгон. Клей өзүн рингде мыкты көргөзүп, атаандашы Листон 5-раунддан кийин беттешти токтотууну суранган.

Ислам динин кабыл алган. Дүйнө чемпиону аталган соң Кассиус Клей коомчулукка ислам динин кабыл алганын айткан. Буга катар ал Мухаммед Али деген ысымга ээ болгонун билдирген.
Согушка каршы экенин айтып, аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан. 1967-жылы ал согушка каршы экенин айтып, аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан. Бул үчүн мушкер рингге чыгуу укугунан ажырап, аны 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча сот чечими чыккан. "Өз өлкөсүн сатып кетти!" деп көптөгөн күйөрмандар андан жүз бурганы менен, мушкер принцибинен тайган эмес. 1971-жылы Жогорку Сот Мухаммед Алинин ишин кайрадан карап чыгып, мушкерди актаган.
Рингге кайтып келип, Фрейзерге утулган. Профессионалдык рингде Али 61 беттеш өткөрүп, 56 ирет жеңишке жетишкен. Аны уткан мушкерлердин бири - Жо Фрейзер. Фрейзер-Али беттеши "кылымдын беттеши" деп аталып, 1971-жылы 8-мартта орун алган. Анда атаандашы Алиге жакынкы аралыктан көп сокку узатып, беттеш акырында упай айырмачылыгында жеңишке жетишкен.
Жанды кыйнаган Паркинсон оорусу. Али карьерасын 1980-жылы жыйынтыктаган. 1984-жылы анын көрүүсү, угуусу начарлап, ооруканага жаткырылган. Ага Паркинсон оорусу боюнча диагноз коюлган. Жыйынтыгында ал калган өмүрүн калтырак оорусу менен өткөрдү.
"Мыктымын" деп алгач өзүн, анан элди ишендирген. Алинин оратор экени көпчүлүккө белгилүү. Кезинде аны жогорку окуу жайлар да лекция окууга, студенттерди шыктандырууга чакырган. Мушкерди дүйнө эли "мен мыктымын" деп алгач өзүн, анан дүйнө элин ишендирген адам катары билишет.
Майк Тайсон: "Кудай өз чемпионун алып кетти"
Али көз жумган соң дүйнө эли кайгыруу менен анын жакындарына, санаалаштарына көңүл айтты. Үн каткандардын арасында белгилүү америкалык мушкер, экс-чемпион Майк Тайсон да болду. Ал кыскача гана: "Кудай өзүнүн чемпионун алып кетти", - деген билдирүү жасады.

кошулду





Мухаммед Алинин эң мыкты нокауттары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
04.06.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Жайы жаннаттан болсун!!!
04.06.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жайы жаннаттан болсун,мыкты мушкер болчу
04.06.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Корсо Мухаммед Али XX-кылымдын мыкты спортсмени деген да наамы болгон экен мен анысын бугун билдим.
04.06.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаткан жери жайлуу болсун!
04.06.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
легендарлуу ислам динин кабыл алып, видеосун коргом таасирлуу тушундуруп берген.
04.06.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жаткан жери жайлу болсун
04.06.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
мусулман динин кабыл алган амеркалык мушкер болгон жайы жаннатта болсун
04.06.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мындай адам жаралышы кыйын эми.Жаны жаннаттан болсун!Оомийин.
04.06.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жайы жанаттан болсун
04.06.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жайы жаннаттан болсун Мусулман биртууганым
04.06.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жайы жанатан болсун.
04.06.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллаh рахмат кылсын.
04.06.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Наши братья , Аллахым куноолорун кечирип бейишке киргизсин .
05.06.2016. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жайы жайлуу болсун
06.06.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы жаннаттан болсун !
06.06.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ал жакта кара терилуу деп болунсо бизде тундук туштук, кандай гана ой жугуртуубуз томон!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: