super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкекке жакын жердеги Көк-Жар айылынын тургундары таза сууну булактан ташып ичкенге мажбур болушту

 

Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Көк-Жар айылында тургундар таза сууну тоо түбүнөн ташып ичип жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Көк-Жарда биринчи жолу суу токтоп жаткан жок. Күнүгө күндүзгү саат 10:00дөн 15:00гө чейин берилет. Жумушка кетип суу алганга да үлгүрбөй калышкандары көп. Канча жолу айыл өкмөтүнө кайрылышкан, бирок майнап чыккан жок. Айылдын ары жагынан да, бери жагынан да жашы-карысы дебей чака-чайнегин алып сууга келишет", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
04.06.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизчи сууну сатып алып ичебиз майда чыгат деген эми июнь болду такыр суу жок 15000 сом бергенбиз
04.06.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А Атамбаевдин айылында жерден тешилип таза суу чыгарылып атат.

Шайоодо сдпкга шайласанар жазында силерге да баштайбыз дешкен. Тишина го
04.06.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы бою суу кундуз да чыкпайт дейт го.
04.06.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын болду биздин кыргыз элине кыйын болду го.Кайсыл жерди караба карапайым калктын кыйналганын коросун же угасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: