super.kg logo

3 манасчыга батирлердин ачкычы, 1 автоунаа ыйгарылды

 

Бүгүн, 4-июнда Кыргыз улуттук филармониясында Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана "Саякбай манасчы" Эл аралык фонду тарабынан уюштурулган "Улуулукка мамиле" аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Анда "Манас" эпосун камкордукка алууда жана жайылтууда өтөгөн эмгеги үчүн "Саякбай манасчы" төш белгиси менен өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев, Кытай Эл Республикасынын жараны Макелек Өмүрбай, казак элинен чыккан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, экс-депутат Карганбек Самаков жана башка белгилүү коомдук ишмерлер, ишкерлер сыйланышты.

Өлкө башчы маданий иш-чарага катышкан жок.

"Саякбай манасчы" фонду тарабынан Дөөлөт Сыдыков, Рысбай Исаков, Улан Исмаилов сыяктуу манасчыларга үч бөлмөлүү батирлер берилди. Ошондой эле Улан Исмаиловго унаанын ачкычы да тапшырылды.

30дан ашык адамга "Манас" эпосун камкордукка алууда жана жайылтууда өтөгөн эмгеги үчүн "Саякбай манасчы" медалы сыйланган соң чакан концерт уюштурулуп, 12 манасчы сахнада "Манас" айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
04.06.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу манасчылар ар оргоонуздор кут болсун
04.06.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баракелде азаматтар! Сыйлыгынар татыктуу болуптур...
04.06.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыздар!
04.06.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кут болсун бирок 3 болмолуу батирге башкалар татыктуурак го дейм.1 болмого муктаж чыгаан инсандар толтура го
04.06.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Татыктуу сопсонун эле манасчыларыбыз үйлүү болууга! Кут болсун!
05.06.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рахмат өкмөтүбүзгө манасчыларыбызды эстеп үйлүү кылып жатышкандарына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: