super.kg logo

Жалал-Абаддын жана Ош облусунун жаш активисттеринин "Достук - байлык" жолугушуусу орун алды

 

"Мекеним менин - Кыргызстан" долбоорунун алкагында Жалал-Абад жаштар коомунун демилгеси менен бүгүн, 4-июнда Жалал-Абад шаарында Ош облусунун жана Жалал-Абад жаш лидерлеринин “Дос - байлык” аталышындагы жолугушуусу болууда. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун форматы эркин маектешүү менен башталды. Бул жолугушууга Жалал-Абад облустук администрациясынын жана облустук күч органдарынын жетекчилери, казыят өкүлдөрү менен биргеликте пикир алмашуу жүрдү.

Уюштуруунун негизги максаты жана башкы багыты катары стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылууда жаштардын орду, тарыхый жайларды даңазалоо, өз ара тажрыйба алмашуу жана укук коргоо органдары менен тартип жана мыйзамдуулукту күчөтүүдө биргеликте жумуш алып баруусу каралды.

Мындан ары Тарых жана маданият жылына карата эки облустун жаш лидерлери Жалал-Абаддагы тарыхый жана маданий, көрктүү жайлары менен таанышуу жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан ЖОЖдордун студенттери, шаар тургундары менен пикир алышуулар орун алмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.06.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалал-абад ырыс-ынтымактуу, берекелуу, тынчтык орун алган жакшы шаар, адамдары дагы жонокой, кичипейил келишет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: