Мектеп бүтүрүүчүлөрү чогулткан стипендияларын кайрымдуулукка жумшашты (фото)
















Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын мектептеринин биринин бүтүрүүчүлөрү Кароосуз калган балдардын реабилитациялоо борборуна тамак-аш, ашканага керектүү буюмдарды тапшырышты.
"Биз бул балдар үйүнө жардам керек экенин интернеттеги социалдык тармактан окуп, 50 окуучу стипендияларыбызды чогултуп, өздөрү айткан керектүү буюм, азык-түлүктөрдү алып келип бердик. Бул биздин биринчи жолу жасап жаткан кайрымдуулук иш-чарабыз", - дейт уюштуруучулардын бири Марат Ниязов.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кайрымдуулук иш-чарасын ырчылар Анжелика, Куба Айтбосунов, кытайлык кыргыз ырчысы Макелек кызы Гүлмира жана телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева колдоп келишти.
Мындан сырткары "Датка" бий тобунун кыздары өнөрлөрүн тартуулап, иш-чаранын соңунда аларга кошулган балдар "Кара жорго" ырына бийлешти.
Айбек Исмаилов
Кайрымдуулук иш-чарадагы "Датка" бий тобу
Бүтүрүүчүлөрдүн кайрымдуулук иш-чарасы
Кайрымдуулук иш-чарасы: Кытайлык кыргыз ырчысы Макелек кызы Гүлмира
Бүтүрүүчүлөрдүн кайрымдуулук иш-чарасы(2)

Бирок мектептерде стипендия берилишин билбептирмин.