super.kg logo

Бишкекте “Кыргыз айылы” аттуу салттуу-маданий кербен көчү уюштурулду (фоторепортаж)

 
“Ак шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Капарбек уулу
Маданий иш-чара учурунда катышуучулар боз үй тигишти.
Улуттук тамак-аш - жупка сүзмө катыгы менен
Көргөзмөдөгү кыргыз шырдактары
Баткен өрүгү
Алайкуунун куруттары
Кымыз, талкан, сүзмө, чөбөгө жана башка даамдар кошулуп жасалган балмуздактар

Кечээ, 5-июнда Бишкектин Түштүк дарбазасы тарабында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы сейил бакта “Кыргыз айылы” аттуу салттуу-маданий кербен көчү уюштурулду. Анда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, мастер-класстар уюштурулуп, табигый таза азыктардан жасалган улуттук тамак-аштар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири, “Ак шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Капарбек уулу билдирди.

"Маданий баалуулуктарга негизделген кербен Бишкек шаары боюнча элге “кыймылдуу аянтча” түзүп берүү менен жаштардын өз ара мамиле куруусуна, улуу муун менен жаш муундун ортосундагы алаканы чыңдоого, салттуу маданиятты алып жүрүүчүлөр жана коомдук ишмерлер менен жалпы жарандардын таанышып, баарлашуусуна шарт түзүүнү максат кылат.

“Кыргыз айылында” боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, мастер-класстар жана "Манас" эпосун айтуу, улуттук аспаптарда күү ойноо уюштурулуп, санжыра, Бишкек, Байтик баатырлардын өмүр таржымалы айтылды. Иш-чаранын катышуучулары улуттук бийлерди бийлешти. Кыргыздын оюндары ойнолуп, улуттук ашкана тууралуу маалымат берилип, мастер-класстар менен коштолгон бул иш-чара катышуучулар менен биргеликте боз үйдү чечүү менен жыйынтыкталды. Мындай маданий иш-чара алдыда борбордун бир нече конуштарында өткөрүлмөкчү", - дейт Чолпонбек Капарбек уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: