super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин вице-мэри: "Мен социалдык мекемелердеги азык-түлүктөрдүн сапатына жооп бербейм"

 

Мен шаардагы социалдык мекемелердеги азык-түлүктөрдүн сапатына жооп бербейм”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова маалымат жыйынында айтты. “Социалдык тамактандыруу системинде көптөгөн маселелер бар. Бирок азык-түлүктүн сапатына товар өндүрүүчүлөр жана Социалдык тамактандыруу департаменти жооп берет. Менин милдетим тамактандыруу ишинин өз учурунда аткарылышын камсыздоо”,- деди ал. Эскерте кетсек, өткөн аптада Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн комиссия текшерүү жүргүзгөн учурда, борбор калаадагы бала бакчалардын ашканаларында санитардык нормалардын бузулуп жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондон улам шаардык кеңештин жыйынында Усубакунованын ээлеген кызматы тууралуу маселе көтөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: