Спорт агенттигинин директору кызматына Канат Аманкулов шайланды

Өкмөттүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп Канат Аманкулов дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи 7-июнда эмгек жамаатына тааныштырылды.
Кошумчалай кетсек, Канат Аманкулов Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы, Жеңил атлетика федерациясынын президенти катары эмгектенип келет.
Буга чейин аталган агенттикти жетектеп келген Шейшенкул Бакиров майдын акыркы күндөрүндө кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.