super.kg logo

Алмазбек Атамбаев Достук кичи районундагы өрт кырсыгынан жабыркагандарга жардам катары 500 миң сом бөлдү

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 6-июнда Бишкектин Достук кичи районундагы өрт кырсыгынан жабыркагандардын дарылануусу үчүн 500 миң сом бөлдү. Каражат президенттин фондунан бөлүнгөнүн президенттик аппараттан билдиришти.

Эскерте кетсек, 6-июнда саат 18:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Фучик көчөсүндө газ ташуучу унаа жарылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. 5 жүк ташуучу унаа өрттөнүп, газ ташуучу 2 цистерна жарылган. Унаа токтоочу жайдын жанындагы өрттөнгөн имараттын чатыры күйүп, өрт 180 чарчы метр жерге чейин жайылган. Коопсуздук эрежелери сакталбай, бир унаадан экинчи унаага газ өткөрүлүп жатканда өрт чыккан. Анын кесепетинен 10 адам жаракат алып, №4-ооруканага жиберилген.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин 2-бөлүгү (мүлккө келтирилген зыян) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда ооруканага жаткырылгандардын ичинен 6 адамдын абалы оор болууда.






Достук кичи районундагы автобаза күйүп жатат 06.06.2016

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.06.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец Атамбаев.Оор абалда жаткандарга айыгып кетишин тилейим
sher.ella түзөттү 2016-06-07 19:11:50
07.06.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевге рахмат.ал жерде менин жакындарым оор абалда жатышат.Аллахым колдоп,балдарынын бактына айыгып кетишсин.
08.06.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сизге, АЛЛА ТААЛАМ озу колдосун сизди.
Abospekova түзөттү 2016-06-08 11:28:52
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: