super.kg logo

КИНОЗАЛ: "13 жашар баланын арманы" тасмасы калың элге тараганына ыраазы болгом" дейт тасманын режиссёру

 
"Кинозал" бөлүмүндөгү "13 жашар баланын арманы" тасмасында аракеч атанын азабын тартып, арман кылган бала тууралуу баяндалат. Тасманын режиссёру - Ырыс Окенова, анда актёр-актрисалар Шайыр Касымалиева, Марат Козукеев, Нурканат Мыктыбек уулу, Жолдошбек Жанжигит уулу роль жаратышкан.

"Орозбек Кутманалиев ырдаган "13 жашар баланын арманы" чыгармасынын негизинде манасчы Рысбай Исаков сценарий жазып, ошонун негизинде тасма тартканбыз. Бул менин биринчи тасмам. Ал кезде бүгүнкү күндөгүдөй жапырт кино тартыла элек болчу, кинотеатрлар иштебей токтоп калган, эл кино көрүүгө келчү эмес.

Негедир өзүм ушул темага кызыгып, алгачкы тасмамды тартып калдым. Албетте, биринчи тасма болгондуктан, айткым келген, бергим келген ойду башкача деңгээлде жеткирсем керек. Азыр тасманы кайра көрүп, сыймыктанам. Бүгүнкү күндө коммерциялык жолдор менен тасмага кеткен чыгымды актап жатышпайбы, ал учурда да, азыр деле "пираттык" дисктерди саткан адамдар пайда көрүшчү. Фильм өзүмдүн каражатыма тартылган, жогоруда айтпадымбы, кинотеатрлар иштебей калган деп, андыктан эч кандай пайда көрбөсөм да режиссёр катары фильм калың элге тараганына ыраазы болуп калгам".

"13 жашар баланын арманы" тасмасын бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен эле жакшы кино
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: