super.kg logo

Жанар Акаев: "Чубак ажы Жалилов өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен"

 

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген тармактык комитеттин депутаттарын айыптап, Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасап чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Жалиловдун айткандарына пикирин билдирди. "Орозо - бул баарыбызды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө жана ынтымакка үндөгөн ай. Бирок парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин дал ушул ыйык айда саясатташтырып, радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болушту", - деди ал.

Депутат жума намазын окуу үчүн жалпы мамлекеттик мекемелердин иштөө тартибин өзгөртүү керек эместигин айтты. "Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок Эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала бакча, оорукана, айтор, бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы? Муну кызматкер менен жетекчи өз ара түшүнүшүү аркылуу эле чечип келишет, азыркыдай же жума намаздан кечиккени үчүн жарандарыбыз массалык куугунтукка алынып, жумуштан айдалып жатабы? Андайлар болсо мага келгиле, укугуңарды чогуу коргойлу. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК, баары бул мыйзамга каршы корутунду берген", - деди Акаев.

"Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери - бул экстремизм, такфиризм! Бүгүн бул депутаттарды чечими үчүн каапыр атап, жаназа окулбасын десе, жайга коюлбасын десе, анын кийинки кадамы кандай? Ушунча болду компартияга мүчө болгондордун сөөгүн көрүстөндөрдөн чукуп чыгып бөлөбү? Раззаков менен Масалиевдердин сөөгүн чукуйбу? Ысырык салган энелерди эмне кылат? Сүмөлөк бышыргандардычы? Муну эми эл "шейх, сиздики туура" десе, эйфорияга алынып, өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен. Ыйык Орозодо элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна бөлүп-жарган неме сөзсүз жазасын алат.

Дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибегиле, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап жатканын биз жакшы билебиз. Элден аброй топтоо үчүн оозунан Алла түшпөй, популисттик мыйзамдар менен алек болгондордун, динди бетине кармагандардан пайдасынан зыяны көп. Криминалы да, чала молдосу да, башкасы да кантип жашаганды бизге үйрөтпөсүн", - деп кайрылды депутат.

Учурда социалдык тармактарда бул маселе кызуу талкууга алынууда. Айрымдары Чубак ажы Жалиловдун пикирин туура десе, айрымдары Жанар Акаевдин пикирин туура дешүүдө.






Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(235)
08.06.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Минус---Плюс+++!
08.06.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жанарды колдойбуз! Чубак ажы коп суйлоп журуп адашты! Жогорку Кенеште азыр бул маселе которулбошу керек. Азыр Кыргызга маанилуу "Жумушсуздук" ту жойуу керек. Ондурушту которуу керек. Коншулар менен ымаланы ондоп,чек араны маселесин чечуу керек.
08.06.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
bosmos777,даа туура айтасын жумушсуздукту жоюшубуз керек дагы мамлекетте мындан башка проблема толтура ушул Чубак ажы акыркы убакта кооп кетчу болду оозуна келгенди суйлоп ар адам оз ордун билсин саясатка кийлигишпесин и элдер силер да чубактын созун озунорго закон катары кабыл албагыла ал арабдардын акчасына кооп кетти оююндагысын оттоп шейх имиш дагы
08.06.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tynystan,проблема толтура дейсинер ошол проблемаларды чечишпейби анан 120сы килтийип отурушай. Откондо чек ара маселеси болгондо куйруктарын кыпчып эч кимиси унчугушпады го. Эл сыйлаган адамга асылганын коюшпайт качан болсо
08.06.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tynystan,Колдойм! Шейх ал арабтарда болот! Кыргызда аалым эле! Эн туура!
09.06.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tynystan,депутатардын иштегенин кордунбу диктор жжекебиз мандат учун олбойм деп булар жаман адамдар жкен деп кеттиго чек ара маселесинде дым болушту булар ушуга окшогон созго чычалабастан ишин аткарсын ошол жумушсуздукту чечсин колдорунан иш келбейт тилдери эле бар.
08.06.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Туптуура, Жанар, сага кошулам! Акыркы учурда Чубак ажы чындыгындай эле өзүң Кудайдан кийинки эле адам катары сезип алды. Көкөтөн жерге түшүрүш керек...
08.06.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aksoola,жанарды мактай бербе жогорку жакта отурган жеп жутарлар каратып туруп элди алдап кеткенин эч ким коро элекби?манкурт болуп калгансынарбы билбейм.ага караганда чубак ажы элге эч нерсе кылбасада жакшы создору мн тарбиялап келе жатат мен колдойм чубак ажыны
08.06.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жанар сен озунду Чубак ажынын алдында бийик ойлобо болгону сенде мандат бар башка колундан не келет.Чубак ажы сага окшогондорго тен келбейт анын даражасы элдин алдында сенден жогору.Жубак ажыны Кыргызстанда эле эмес мусулман олколорундо кобу тааныйт сени озуно окшогон кок мээ депуттар эле тааныса керек.Же сен дагы Мискенбаевге окшоп бир таанылып алайын деп атасынбы.
08.06.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
alievna.1989 оозуна келгенди суйлой бербечи Жанар сенден мени кис тааныйт деп сурап атабы ?
08.06.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
aziziko, Чубакты колдогондор айлампаш ХХХ, каяка айдасан кете беришет.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-08 16:38:54
08.06.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Abospekova,Элди антип айтпаныз,жакшы эмес.Сиз акылдуу,Эл келесообу???
09.06.2016. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Abospekova, Чубак ажы ар дайым чындыкты айтат ошол жума куну Аллахтын улуу куну дубалар кабыл болотурган кун. шашилип окуп туруп кетпей Аллахтан эли жерге дуа кылышат.иштен бошой албай кообу жумага келе албай калат
08.06.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
aziziko,ХХХ Ар кимдин созуно кыпчыла бербей
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-08 16:59:22
08.06.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alievna.1989, этика нормаларын сактаңыз!
08.06.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
alievna.1989,Менимче, Жанар ашыкча өзүн пиарлоого же упай топтоп, калкка таанылууга муктаж эмес. Ал бул демилгени көтөрүп чыкпаганда деле эл баалайт. Керек болсо, өзү кошулган, Президентибиз түптөгөн СДПКнын каталарын көзгө чукуп айтып жатат, бул маселе ага күн тартибиндеги маселелердей эле. Өзүңүн депутаттык позициясын гана билдирип жатат...
08.06.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
alievna.1989,Эн маанилуусу Чубак ажы элдин алдыннда кадыр баркка ээ адам.Жанар менен салыштырып мумкун эмес Чубак ажынын кадыр баркын эл алдындагы
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: