super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Апама "менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт" дедим"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Апама "менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт" дедим" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен башынан эле апама айтканмын, менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт деп. Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам. Мен колуктума карата айтылган бирөөнүн сын-пикирин жактырбайм. Себеби менин колуктум – менин жасаган негизги тандоом, менин эң чоң жеңишим, менин бакытым, менин ийгилигим. Колуктумду бирөө айыптап, аны капалантса, бул мен үчүн эң чоң ыза". Автору - Данияр Айтман.

"Элибизде мындай макал бар: "Эри сыйлабаган аялды балдары да сыйлап жарытпайт". Кайран гана эне, балаң үчүн турмуштун тозогун көтөрүп, чыдап келесиң. Карыганыңда "апам кыйналган, сен кыйналба" деп апасына келинди кызмат кылдырбаса, эссиз бала... Эне кургур канча азап чексе да, чарчап-чаалыгып турса да баласынын "апаке" деп талпынганын көргөндө бардык нерсе унутулуп, жан дүйнөсү "балам" деп жыргап калат го. "Ушу балам чоңойсо колума кол, бутума бут, акылыма акыл болот" деген үмүт менен уул чоңойтосуң. "Апа, келиниң кызмат кылбайт, демек, өз арабаңды кылдыратып, кара казаныңды аса бер" деген экен да. Ансыз деле шору каткан замандаштарым (классташтарым) 60ка жашы жетсе да кара казан өзүндө, неберелер жонунда, үйдүн көр оокаты мойнунда".

"Аябай туура кыласың! Чыныгы азамат сен турбайсыңбы. Бирок силер да азаматтарды чоңойтуп жатпайсыңарбы, алар да силердин жолуңарды кайталайт деген ой келбей элеби? Эсиңде болсун, кайтар дүйнө деген бар".

"Мен авторго окшогон балдардын апаларын тааныйм. Мен жашаган үйдө 5-6 орус кемпир бар. Алардын балдары балалык милдет, келиндери келиндик милдет деген түшүнүктөн алыс адамдар. Ошого алар апаларын жалгыз таштап кетишкен. Алар азыр батирлеринде жалгыз жашашат. Өздөрү азык-түлүк алып келип, өздөрү тамак жасап жешет. Бирөөсүнүн үйү канча айдан бери тазаланбай сасып кеткен. Бирөөсү неберелери жок болгону үчүн эртең менен көчөдөгү мышыктарга тамак берет. Бирөөсү таң атпай туруп подъезддин алдын шыпырат. Бири эртең менен таштандыга барып бир нерселерди терет (сатып акча кылганга болсо керек)".

"Эртеңки күнү өзүңөр да карыйсыңар, ошондо балдарыңардын жубайлары да "биз кызмат кылбайбыз" дешсе кандай болот? Апаңыздын эмгегин баалабаса, апаңыз сиздин жубайыңыздын кызматын баалайт. Андай адамдар сөзсүз баалашат. Апаңыз ошол силер деп иштеп жүрсө керек. Апаңызды жубайыңыздан төмөн көрбөңүз. Ушул эрезеге сизди ата-энеңиз жеткирген. Кызматтан эч ким өлгөн эмес. Илгеркиден жашоо азыр жакшыраак, техника өнүккөн".

"Ал баланы 9 ай көтөрүп ким төрөдү экен? Энесинин ошончолук кыйналганын көрүп "апама жардам берсин, колунан жумушун алып, чайын берсин" дебейби? Аялын апасынан бийик көрсө, ал жигит жыргап жашабайт. Макул, аялын сыйласын, ал жакшы, бирок апасына антип кызмат кылдырбаганы туура эмес. Эртең карыганда балдары да аялы көзүнө алтын көрүнүп кетип калганда энесинин баркын билет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(19)
08.06.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Сени умут менен чонойткон ЭНЕге боорум ооруп кетти. Милдетин аткарбаса сен ХХХ деген созго ылайыксын. Же бир жолу орус болуп кетпегенден кийин. Сенда балдарындан коросун. Бул жашоо БУМЕРАНГ.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-08 16:54:14
08.06.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sgushenka, этика нормаларын сактаңыз!
08.06.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Данияр Айтман подкоблучница экенсинда....
08.06.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энене ошентип айттынбы?Башка соз жок.Тушунуктуу.Комментарийдин кереги жок.
08.06.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кыргыз эмес окшойт ,же мусулман эмес окшойт тооба кылдым кудай сактасын ынандуу бололу.
08.06.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бу Данияр айтман дегени гомосексуализмди пропаганда кылып, уй-булодо казан-аяк кагышса ажырашып кеткен аялдарды колдогон, Ош коогаланы боюнча айыпталып жазасын отоп жаткан Азимжан аскаровду колдоп, кан майданда биздин келечегибиз учун жанын берип курман болгон аталарыбыз менен ооруктун кыйын туйшугун которгон энелерибизди сыйлабаган батыштын популистин биз сыйлашыбыз керекпи, айткылачы!!! Ансыз да акыркы 25 жыл Батыштын таасиринде калып коом канчалык бузулуп кетти демократия деп отуруп...
08.06.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ааааа
09.06.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Данияр айтманды торогон кайран эне, лучше торолбой эле койсо болмок экен ээ. батыштын чириген маданиятын кыргызга синирем деп айтман да дарбыган экен атангору.
09.06.2016. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтман да йтып коюптур да соз экен деп!
09.06.2016. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтман да айтып коюптур да суйлосо боло берет экен деп!
09.06.2016. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтман да айтып коюптур да суйло!о соз экен деп!
09.06.2016. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ, картайганда мени багат уйлонсо аялы биздин тукумубузду улайт деп торогон да сени жарыктык кандай адамсын озу
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-09 11:33:03
09.06.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xnurgul_gul, этика нормаларын сактаңыз!
09.06.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Катын жолдо, бала белде...Алланын каргышы болсун ошондой балдарга,балдарынан корсун!!!!
09.06.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өткөндө эле 1-каналдан гейлер чыкты эле, кечээ Алатоо аянтында бачата бийлешип жаштар чыкты эле, эми бул кабар чыгып жатат. Булардын артында ким турат болду экен ?
Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз бар, каада салтыбыз бар ата-бабаларыбыздан калган. Ошону кармансак жакшы жашайбыз.
Европа өзүнүн маданиятын жоготуп бузулуп бүттү, эми бизге окшогон таза мамлекеттерди бузууга өттү.
Бул сыяктуу сөздөрдө кулак түрбөй эле, четке кагып койгонубуз жакшы.
10.06.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыйратыпсын.Апан туура эмес кылыптыр торогондон кийин апалык милдетти аткарбайм деп таштап койсо сооп кылган болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: