super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 9-ИЮНЬ: Атактуу германиялык футболчу Мирослав Клозе 38 жашка толду

 

Атактуу немис футболчусу Мирослав Клозе 38 жашка толду. Ал 1978-жылы 9-июнда Польшанын Ополе шаарында жарыкка келген. Анын атасы Йозеф Клозе футболчу болсо, апасы Барбара Еж гандбол менен алектенген.

Мирослав 8 жашка толгондо анын үй-бүлөсү Германияга көчүп келген. Жаш футболчу 1987-жылдан 1998-жылга чейинки аралыкта "Блаубах-Диделькопф" клубунда тарбияланган. 1998-жылы ал профессионалдык карьерасын баштап, "Хомбург" клубунда ойнойт. Андан кийин ал "Кайзерслаутерн" клубунда ойногон. 2004-жылы Клозе "Вердердин" курамына кошулган. 2007-жылы болсо аны мюнхендик "Бавария" өз курамына кошуп алган. 2011-жылдан тарта "Миро" италиялык "Лацио" клубунда ойноп келет.

Футболчунун клубдук карьерасына салыштырмалуу улуттук курамдагы карьерасы ийгиликтүү болгон. Ал Германиянын курамында 2001-жылы дебют жасап, 2014-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Бул аралыкта ал 137 оюн өткөрүп, 71 гол киргизген. Германия курамасынын тарыхында эң көп гол киргизген футболчу катары белгилүү. Буга катар ал Дүйнө чемпиондуктарында киргизген голдорунун санын 16га жеткирип, рекорд койгон.

9-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.06.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынынды эле мыкты футболчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: