Чубак ажы Жалилов УКМКга суракка чакырылды

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өзү билдирди. Учурда Жалилов УКМКнын имаратында.
Айта кетсек, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылган.
Чубак ажы Жалилов 8-июнда долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын айтып, аларды айыптап кайрылуу жасап чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
7

Абдан туура,ал оз шакирттерине саясий чакырык жасады,диний кастыкты козутту!мыйзам чегинде жооп берсин!
улук суйлогону жонундо болуп атат го дейм
Эмнеге мындан улуулары үн катпайт дагы жаш жигит чырылдайт? Себеби СДПКнын ХХХ "сени жаштар колдойт" деп башын айлантканда)
Чубак ажыны сындаган депутаттар мына ушул пикирге жооп кайтара алат бекен?!
Биз мусулмандар билимсиз, өткөн замандын эрежелери менен жашайбыз.
Азыр жыла6ач жүрүп, бузукулук менен алектенип, кыздарыбыз 10-15 жашында сойку болуп, балдарыбыз гей болуп кетсе баарына жагабыз. Кудай сактасын ыплас жолдон. Биз маданиятыбызды, салтыбызды сатпай жашайбыз. Чубак ажы сизди колдойбуз Кудай буйруса .
Жана азыр да анын айткандары жанылыштык эмес деп ойлойм.
Себеби, эмне ушул кунго чейин баш мыйзам озгорулбой келдиби эле? Ушу кунго чейин эмгек кодекси озгорбой келдиби эле?
Озгортуп эле жататко?!
Же мыйзамдын озгорушу кайсы бир депутатка же депутаттар тобуна керек болсо ( бизнесин сактап калуу учун, оркундотуу учун, шарт тузуу учун) гана озгортуу керекпи? Элди да ойлоп койгу